ЙОДДУН ЭРИТМЕСИ МЕНЕН НЫМДАЛГАН ФИЛЬТРДИ КОЛДОНУУ МЕНЕН БӨЛҮНҮП ЧЫККАН ГАЗДАН ТЕТРАЭТИЛКОРГОШУНДУ КАРМОО ЖАНА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ

Авторы

  • Урмат Калмаматович Абдалиев Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн
  • Эшкозу Мойдунович Ысманов Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту
  • Ысламидин Ташполотов Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту

Ключевые слова:

тетраэтилкоргошун, кармоо, калыбына келтирүү, фильтрлер, бензин.

Аннотация

Жумушта, нефть продуктуларында иштеген кыймылдаткычтуу унаалардан бөлүнүп чыгуучу газдарды азайтуу үчүн суюктуктук жана каталитикалык нейтралдаштыруу ыкмалары каралды. Спирттик кошулмалардын бензин менен аралашмалары карбюратордук кыймылдаткычтарда СОнун курамын азайтат. Курамында барий бар кошулмалар дизелдик кыймылдаткычтардын көөнү чыгаруусун 70-90% га азайтат жана чыккан газдарды тазалайт. Антидетонатор катары тертраэтилкоргошун колдонулат. Бул зат таза түрүндө колдонулбайт, ар кандай сорттогу бензиндин эксплуатациялык касиеттерин жакшыртууда колдонулуучу этил суюктуктарына кошумчаланат. Тетраэтилкоргошунду кармоо жана калыбына келтирүү үчүн йоддун эритмеси менен нымдалган, бөлүкчөлөрүнүн өлчөмү 0,25-0,5 мм болгон, көзөнөктүү кремнеземдик АСМ маркасындагы фильтрлер колдонулду. Жыйынтыгында родизоновокислый натрийдин 2 % дык эритмесин колдонууда, кара кочкул шакектин пайда болушу анализделген калдыкта коргошундун бар экендиги б.а. анализделген бензинде тетраэтилкоргошунунун бар экендиги ырасталды. Йод эритмеси менен нымдалган, бөлүкчө өлчөмдөрү 0,25-0,5 мм болгон AСM түрүндөгү фильтрлерди колдонуп, унаалардан бөлүнүп чыккан газдардан тетраэтилкоргошунунун бууларын бөлүп алуу жана калыбына келтирүү үчүн оң натыйжага жетишүүгө болору аныкталды. Атмосфералык абаны булгоочулардан (тетраэтилкоргошундан) арылуу, айлана-чөйрөнү зыяндуу заттардан коргоонун эң маанилүү көйгөйлөрүнүн бири.

Библиографические ссылки

Степанова Н.В., Святова Н.В., Сабирова И.Х., Косов А.В. (2014). Оценка влияния и риск для здоровья населения от загрязнения атмосферного воздуха выбросами автотранспорта // фундаментальные исследования.

Докучаева К.С. (2019). «Влияние выхлопных газов на здоровье человека и пути решения проблемы» Образование и наука в России и зарубежом.№10(Vol.58) 02.07.19.

Рабинович В.А., Хавин З.Я. (1991). Краткий Хилигеский справочник. Химия Л; 432с.

Вебера А.И. Влияние системы выпуска выхлопных газов автомобилей на безапость движения /А.И. Вебер. А.А. Павленко – текст; не посредственный // технический наук в России и зарубежом: материалы V международ. науч. Конф. (г Москва, январь 2016г). - Москва: Буни- Веди, 2016 - С.49-51.

Гост 7978-74. Бензины-растворители. Метод. Определения наличия тетраэтилсвинца.

Загрузки

Опубликован

2022-08-21