ТЕКСТ АРКЫЛУУ СТУДЕНТТЕРДИН БААРЛАШУУСУН ӨРКҮНДӨТҮҮДӨ “САБАК-ТЕАТР” ЫКМАСЫН КОЛДОНУУ

Авторы

  • Каразакова З.Ж. Ош мамлекеттик университети
  • Омокеев У.А. Ош мамлекеттик университети

Ключевые слова:

кыргыз тили, окутуу, текст, текст менен иштөө, сабак-театр, баарлашуу, сүйлөө, угуу, репродуктивдүү жана продуктивдүү көнүгүүлөр.

Аннотация

Коомчулуктагы тил көйгөйү ЖОЖго кабыл алынган студенттердин тил билүү деңгээлинен түз чагылып турат. Алардын кыргыз тилинде сабаттуу жазуусу мындай турсун, баарлашуу деңгээли учурдун талабына ылайык келбей турат. Бүгүнкү күндө кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун эң негизги максаты - студенттердин сөз байлыгын өстүрүү, баарлашуу компетенциясын калыптандыруу, өз оюн так, жеткиликтүү, эркин айтууга көнүктүрүү жана иш кагаздарын мамлкеттик тилде жүргүзө алууга жетиштирүү, сабаттуу жазууга, туура окууга үйрөтүү. Ал эми ЖОЖдордо кыргыз тилин окутууда мына ушул максатты көздөгөн сабактар өтүлүп, эффективдүү натыйжалар окутуунун натыйжасында көрүнүш керек. Макалада текст аркылуу студенттердин баарлашуусун өркүндөтүүдө тажрыйбаланган, оң жыйынтыктарды берип келаткан “Сабак-театр” ыкмасын пайдалануунун кадамдары, максаты, жүрүшү, натыйжалары берилди.

Библиографические ссылки

Боаль А. Басынтылгандардын театры..– Нью-Йорк: Уризен Букс басмаканасы. 1979. – 24 б.

Исаков Б. Сабат санжырасы: Орто мектептин мугалимдери үчүн.–Б.: Мектеп, 1993. – 192б.

Ишекеев Н., Батаканова, С. Көркөм чыгармаларды окутуунун методикасы.– Б: 2014. – 416 б.

Маразыков Т. С. Текст таануу жана анын айрым маселелери. 1-китеп. – Б.: Бийиктик, 2005. – 144 б.

Синельников В. Таинственная сила слова: Формула лювби. Как слова воздействуеют на нашу жизнь.–М.: ЗАО Центрполиграф, 2006. – 255ст.

Чыманов Ж. Кыргыз тилин окутуунун теориясы жана практикасы. –Б.: Турар. 2009. – 488 б.

Загрузки

Опубликован

2022-08-01