КЫРГЫЗДАРДЫН УМАЙ ЭНЕГЕ ТАБЫНУУ МАСЕЛЕСИНИН ТАРЫХНААМАСЫ
Ключевые слова:
Умай-Эне, табынуу, тарыхый аспекттер, этнография, байыркы диндер, түрк тилдүү элдер, диний ишенимдер, ислам, археологиялык материалдар, Сүттүү-Булак, Куйруктөбө, Алтай, Теңир, политеизм.Аннотация
Макалада кыргыздардын Умай энеге табынуусу маселесинин тарыхнаамасы изилденген. Автор кеңири этнографиялык, тарыхый жана археологиялык материалдардын негизинде элибиздин байыркы дүйнө таанымын жана диний түшүнүктөрүн талдоого алган. Умай энеге табынуу жөрөлгөсү кыргыздардын, ошондой эле Борбордук Азиянын башка түрк тилдүү элдеринин байыркы диндериндеги түшүмдүүлүк, төрөлүү, үй-бүлөнүн куту катары каралган. Совет мезгилиндеги окумуштуулар изилдөөлөрүндө, атеисттик көз караштын таасири менен, Умай эне жана башка байыркы диний ишенимдердин калдыктары социалисттик идеологияга каршы күрөшүү контекстинде каралган. Бирок, алардын изилдөөлөрүндө кыр гыздардын жана башка түрк элдеринин диний ишенимдери кенен ачып берилген. Мында
белгилүү окумуштуулардын, мисалы, С.М.Абрамзон, В.Н. Басилов, В.В. Бартольд сыяктуу изилдөөчүлөрдүн эмгектери чоң мааниге ээ. Алар Умай эненин, Теңирдин жана башка байыркы диний түшүнүктөрдүн философиялык, этнографиялык жана дин таануу аспекттерин терең изилдешкен. Мында Умай эне көбүнчө үй-бүлөнүн, балдардын жана түшүмдүн коргоочусу катары каралган. Изилдөөлөрдө археологиялык материалдар да кеңири пайдаланылып, анын ичинде Сүттүү-Булак, Куйруктөбө, Алтай аймактарындагы эстеликтердин негизинде Умай энеге табынуу маселеси ачып берилген. Ошондой эле, бул ишенимдердин ислам дини таркагандан кийин да сакталып калганы талдоого алынган. Бул тарыхый жана этнографиялык изилдөөлөр кыргыздардын байыркы диндеринин тамырларын жана алардын учурдагы диний ишенимдерге таасирин түшүнүүгө жардам берет.
Библиографические ссылки
Абдылдаев, М. Синкретизм пережитков до исламских верований киргизов. Дисс. раб.... - Фрунзе, 1967.
Абрамзон, С. М. Очерк культуры киргизского народа. - Фрун зе, 1946.
Абрамзон, С. М. Киргизы их этногенетические и историко-культурные связи. Ф.: Кыргызстан, 1990.
Аманалиев, Б. Из истории философской мысли киргизского народа. - Фрунзе, 1963.
Басилов, В. Н. Культ святых в исламе. М.,1970.
Бутанаев В.Я. “Культ богини Умай у хакасов” / «Этнография народов Сибири». Новосибирск: 1984. С. 93-105.
Джумагулов, А. Дин жана анын калдыктары. - Фрунзе, 1962.
“Кыргыздар. Санжыра, тарых, мурас жана рухий дүйнө”. Бешинчи китеп. Бишкек, 2002. 372-б.
Кожа М. Изображения Тенгри и Умай на резном дереве из отрарского оазиса. Народы и религии Евразии, 8(8), 34-47. Извлечено от http: // journal.asu.ru/wv/article/view/2259
Мустафина Р.М. “Представления, культы, обряды у казахов”. - Алматы, 1992.
Петраш, Ю. Г. Материалы о пережитках доисламских культов на юге Киргизии. Сбор.: Философские проблемы атеизма. М., 1963.
Снесарев. Г. П. Реликты домусульманских верований и обрядов у узбеков Хорезма. - М., 1969; 5).
Табалдыев К.Ш «Древние памятники Тянь-Шаня» - Бишкек, 2011.
Толстов, С . П . Древний Хорезм. М., 1948; 2). Сухарева, О. А. Ислам в Узбекистане. Ташкент, 1960; 3). Троицкая, А. Л. Первые сорок дней ребенка (чилля) среди оседлого населения Ташкентского и Чимкентского уездов. В сб.: В. В. Бартольду. Ташкент, 1927; 4). Снесарев. Г. П.
Реликты домусульманских верований и обрядов у узбеков Хорезма. М., 1969; 5).
Худяков Ю.С. Шаманизм и мировые религии у кыргызов в эпоху средневековья // Традиционные верования и быт народов Сибири. XIX – начало XX в. - Новосибирск: Наука, 1987. С. 65–75.