АКАДЕМИК Б. ОРУЗБАЕВА ЖАНА КЫРГЫЗ ТЕРМИНОЛОГИЯСЫ

Авторы

  • Абдыжапар уулу М.

Ключевые слова:

терминдер, терминология, чет элдик терминдерди которуу, кыргыз тили

Аннотация

 

Макалада кыргыз тил илиминдеги котормо жана терминология маселелери тууралуу сөз болот. Тактап айтканда, терминология тилдин өзгөчө бир бөлүмү, ал эми терминдер тилдин лексикалык корунун тутумдук бир катмары болуп саналары, тилдин лексикалык кору дайыма өзгөрүүлөргө учурап, үзгүлтүксүз толукталып турары баяндалат. Ошону менен бирге терминдер да тынымсыз жаңылануу, толукталуу процессинде болушу керектиги айтылат. Алсак табият илимдеринде жаралган жаңылыктарга, ачылыштарга, жаратылган ийгиликтерге жараша дайыма эл аралык атайын комиссия тиешелүү түшүнүктөрдүн, кабыл алынган бирдиктердин аталыштарын тартипке келтирүү максатында жыйындарды өткөрүп талкуулап келатканы белгилүү. Демек мезгил-мезгили менен илим менен техниканын өнүгүп-өскөнүнө байланыштуу илимий терминология өз мезгилин канааттандыра албай калат. Ошентип терминдердин, терминологиянын мезгил-мезгили менен жаңыланып турушу шарт. Анын калыптаныш жана жаңыланыш маселеси дайыма максаттуу жүрүшү керек. Ар бир илим тармагы өзүнүн терминологиясынын башаламан калыптанып өнүгүшүнө жол бербеши керек. Терминологиянын калыптаныш жана өнүгүш принциптери тууралуу пикирлер айтылган.

Библиографические ссылки

Орузбаева, Б. ϴ. Кыргыз тил илими [Текст]: макалалар жыйнагы:

Кыргызское языкознание: сб. ст. / Б. ϴ. Орузбаева. – Бишкек: Илим, 2004. – 2-т. – 288 б.

Миньяр-Белоручев Р.К. Как стать переводчиком? – М: 1999.

Комиссаров В.Н. Теория перевода (лингвистические аспекты). – М: 1990.

Абдиев Т. Котормо таануу илимине киришүү. – Бишкек: 2008.

Ж. Мукамбаевдин “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү. – Бишкек: 2009.

Загрузки

Опубликован

2025-06-08