Жылуулук кармоочу түзүлүштүн кыймылынын азыктардын кургоо ылдамдыгына тийгизген таасири

Авторы

  • Нургазы Мамазакирович Ташиев
  • Өскөнбай Ураимович Дилишатов

Ключевые слова:

күн энергиясы; күндөн кургатуучу түзүлүш; айыл чарба азыгы; нымдуулук; майдаланган азык; буулануу; масса; конденсация

Аннотация

Бул жумушта изилдөөнүн предмети болуп Кыргызстандын шартында айыл чарба азыктарынын кээ бир түрүнүн  түшүмдүүлүгүнүн жоготуусун эске алуу менен, аларды күн энергиясынын жардамында кургатуу менен айыл чарба азыктарынын күкүм түрүндө пайдалануу болуп эсептелет. Изилдөөлөрдүн максаты - жылуулук кармоочу түзүлүштүн кыймылынын мүнөзүнүн азыктардын кургоо ылдамдыгына тийгизген таасирин аныктоо болуп саналат. Экперименталдык ыкманын натыйжасында кургатуу камерасында муздаткычтын бир өтүү жана эки өтүү кыймылынын азыктардын кургоо ылдамдыгына тийгизген таасири изилденген. Изилдөөлөрдүн натыйжасында жылуулук кармоочу түзүлүштүн бир жактуу жана эки тараптуу кыймылы менен помидорду жана сабизди, чамгырды жана ашкабакты кургатуу камерасында кургатуунун натыйжалары көрсөтүлдү. Алынган изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык: айыл чарба азыктарынан нымдын буулануусунун жогорку темптерин камсыз кылуу гана эмес, ошондой эле кургатуучу камерадан нымды тез, өз убагында чыгарууну камсыз кылуу зарыл экендиги белгиленген. Буюмдун бетиндеги жана айлана-чөйрөдөгү суу буусунун парциалдык басымдарынын айырмасы катары көрсөтүлүүчү буулануу потенциалы төмөндөгөндүгү көрсөтүлгөн. Изилдөөдөгү алынган жыйынтыктын өзгөчөлүгү жана илимий баалуулугу күн жардамында кургатуучу түзүлүштө суюк илешкек айыл чарба азыктарынын кургоо жараянынын мыйзам ченемдүүлүктөрүнүн азыктардын түрүнө жана физикалык мүнөздөмөсүнө, күн радиациясына, айлана чөйрөгө болгон көз карандылыгы аныкталды. Практикалык маанилүүлүгү иштелип чыккан күн аркылуу кургатуучу түзүлүштөр айыл чарба азыктарын суюк илешкек абалда төмөнкү арткан нымдуулукка чейин кургатууга жана азыктардын күкүмүн алууга мүмкүнчүлүк берет. Алынган изилдөөнүн жыйынтыктарын келечекте өндүрүштө ишке киргизүү жаңы иш орундарын түзүүгө, аймактардын экономикасын көтөрүүгө жардам берет.

Библиографические ссылки

Лыков, А.В. Теория сушки [Текст] / А.В. Лыков. – М.: Энергия, 1968. - 472 с.

Исманжанов, А.И. Моделирование и расчет солнечных воздухонагревательных коллекторов [Текст] / А.И. Исманжанов, Ш.И. Клычев, М.С. Самиев. – Бишкек: Илим,1979. - 188 с.

Прозоров, И.В. Гидравлика, водоснабжение и канализация городов [Текст] / И.В. Прозоров, Г.И. Николадзе, А.Б. Минаев. - М.: Высшая школа, 1975. - 420 с.

Русланов, Г.В. Отопление, вентиляция жилых и гражданских зданий [Текст]: Справочник / Г.В. Русланов, М.Я. Розкин. - Киев: Будивельник, 1983. - 272 c.

Пат. №1615. Кыргызская Республика, МПК6 F 24 J 2/46, F 26 B 17/09. Солнечная сушильная установка [Текст] / А.И. Исманжанов, К. Абдырахман уулу, Н.М. Ташиев.

Ismanzhanov, A.I. Development and research of the technology for powdering agricultural products using solar energy [Текст] / A.I. Ismanzhanov, N.M. Tashiev // Applied Solar Energy. - New York, 2016. - Vol. 52, Issue 4. - P. 256-258.

Ташиев, Н.М. Исследование скорости сушки жидковязких сельхозпродуктов на солнечных сушильных установках [Текст] / А.И. Исманжанов, К.А. Бокоев // Наука. Образование. Техника. - Ош: КУУ, 2017. - № 3-4. - С. 7-12.

Гинзбург, А.С. Основы теории и техники сушки пищевых продуктов [Текст] / А.С. Гинзбург. - СПб.: Университетская книга, 1997. - 728 с.

Загрузки

Опубликован

2024-06-11