ФИЛОСОФИЯЛЫК ТЕОРИЯНЫН ТАЖРЫЙБАСЫНДАГЫ ОЮН МАСЕЛЕСИ
Ключевые слова:
оюн феномен, «таза оюн», ишмердүүлүк ыкмасы, тандоо эркиндиги, маданият философиясы, организм, коом, күрөш, практикалык чөйрө.Аннотация
Автордун аталган макаласында философиялык теория тажрыйбасындагы
оюн маселеси каралат, андан тышкары анда айтылгандай оюн адамдан кыйлага улуу. Ал
өзүнүн баштапкы нукура формасында, калыбы, мейкиндикте орун которуп жүрүүгө жөндөмдүү жандыктардын ааламында калыптанган. Оюн жаш жаныбарларга организмди бекемдөөнүн, жашоо-турмуш үчүн болгон күрөштүн ыкмаларын өздөштүрүүнүн, мурунку
муундардын чексиз алмашуусунда топтолгон болмуштун тажрыйбасына ыктоосунун, ырахат алуусунун каражаты катары зарыл болгон. Бул жерде активдүүлүк инстинктивдүү болуп
саналат. Адамзат коомчулугунда активдүүлүктүн таптакыр башка ыкмасы – аң-сезимдүү
максатка негизделген ишмердүүлүк пайда болот. Тамак-аш табуудан башталган физикалык
жашап кетүүнү камсыз кылуу процесстеринде табигый түрдө пайда болгон максаттуулук
акырындык менен адамдын активдүүлүгүнүн кыйла татаал чөйрөлөрүнө тарай баштайт.
Анда баштапкы айныксыз оюндук шыктануулар багындырылат.
Библиографические ссылки
Каган М. С. Человеческая деятельность (опыт системного анализа). – М.:Политиздат,
– 328 с
Айрапетова В. А. Эстетические аспекты изучения культуры повседневности // XVII
Царскосельские чтения: материалы междунар. науч. конф. 23–24 апреля 2013 г. Т. I. / под
общ. ред. В. Н. Скворцова. – СПб.: Изд-во ЛГУ им.А. С. Пушкина, 2013. – С. 135–138
Ворошилов В. Я. Феномен игры. – М.: Советская Россия, 1982. – 88 c.
Рубинштейн С. Л. Основы общей психологии. – 2-е изд. (М., 1946) / репринт. изд. –
СПб.: Питер, 2002. – 720 с.
Козинцев А. Г. Порядок и беспорядок: две ипостаси игры // Игровое пространство
культуры / отв. ред. В. В. Чубарь. – М.: Евразия, 2002. – С. 16–19.