ЭСЕПТӨӨ СИСТЕМАСЫНЫН ЛИНГВИСТИКАЛЫК ЖАГДАЙЛАРЫ

Авторы

  • Г. Ж. Джунушалиева Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети

Ключевые слова:

Сандар, сандык атоолор, абстракция, орток эстеликтер, эсептөө системалары.

Аннотация

 Берилген макалада сандык атоолордун байыркы жана жаңы эсептөө системасындагы өзгөчөлүктөрү жөнүндө маселелер каралат. Кыргыз тилинде сөздүк курамдан орун алган сөздөрдүн бир тобун сан атоочтор түзөт. Сан атоочтор түрк тилдеринин тектештигин айкындай турган тилдик кубулуштун бири болуп саналат. Негизинен сан атоочтор бардык түрк тилдеринде жалпысынан бирдей. Алар байыркы доорлордо эле пайда болгон жана V-VIII кылымдарга таандык жазма эстеликтерде арбын жолугат. Ал эми оозеки речте андан алда канча мурун эле колдонулуп келген болуу керек. Эсептөө системасы ар бир тилдин тыбыштык өзгөчөлүгүнө байланыштуу өзгөрүүлөргө учураган. Байыркы түрк жазма эстеликтеринде эски эсептөө системасынын жоюлушу жана анын ордуна башкача эсептик системанын колдонулуп калышы коом өзгөргөн сайын өркүндөп өсүүчү жандуу процесстин көрүнүшү. Сандык түшүнүктүн турмуш практикасында алган орду да өзгөчө жана колдонулуу чөйрөсү ар түрдүү. Адамзаттын өнүгүү тепкичинде азыркы коомдук расмий делген илимдер кандай жардамчы болсо, ошол сыяктуу турмуш практикасына эң жакын илим – бул сан.

Библиографические ссылки

С. Е. Малов. К изучению турецских числительных. – В. Сб.: Академику Н. Я. Марру. – М.: – Л.: –1935, –272-б.

Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу. 2-китеп. /С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Б.: Кыргызстан. – 1995. – 800-б.

Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу. 3-китеп. /С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Б.: Кыргызстан. – 1995.

Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу. 4-китеп. /С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Б.: Кыргызстан. –1995. – 672-б.

Чечейбаева Н. Ө. Кыргыз тилиндеги сан атоочтор. – Фрунзе, 1978, – 13-б.

М. Кашгари. Түрк тилдеринин сөздүгү. – Бишкек, – 2011.

Азыркы кыргыз адабий тили. – Бишкек, –2009, – 335-б.

Загрузки

Опубликован

2023-10-02