ДАГЫ БИР ЖОЛУ “УЧА” САЛТЫ ТУУРАЛУУ

Авторы

  • О.К. Каратаев Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институту, КР УИАнын Түштүк бөлүмү

Ключевые слова:

уча тартуу, шыралга, кыргыздар, этнос, кыргыздын үрп-адаттары, этникалык маданияты, каада-салттар.

Аннотация

Кыргыздарда олжолорду кадыр-барктуу бөлүштүрүүнүн «уча» деп аталган
архаикалык салты алиге чейин сакталып келет. «Курдюк» - бул же койдун, же жылкынын
союлган тулку этинин куйрук жагы. Мындай олжо бөлүштүрүү салты Сибирдин түрк тилдүү
жана тунгус тилдүү элдеринде кеңири таралган. «Уча» салтынын маңызы олжонун бир
бөлүгүн өз уруулаштарына бөлүштүрүү болгон. Мергенчи тапкан олжосун шыралга катары
бөлүшүүгө милдеттүү болгон. Мергенчи алдынан жолуккан адамга тапкан олжосунун бир
бөлүгүн бөлүп берген. Мергенчи олжосу менен бараткан адамды кезиктирип, «ужа» деген
сөздү омурткасынын аркасынан бир бөлүгү менен терисин кошо алып, экинчи жана үчүнчү
келе жаткандары да эттин эң жакшысын кесип беришкен. Ушундай эле каада-салт “уча
бер!” деген ат менен хакастардын жана алтайлыктардын арасында катталган.
Мисалы, Түндүк Алтайда шаманга үйдүн кожоюну уча алып келип берген, ал эми
шаман учадан бир аз кесип алып, кадырлуу адамдарга берген. Шаман учанын этинен өзүнө
да кесип алып, андан сырткары туугандарына да, ошол жерде отургандарга да кесип берип,
андай соң учанын сөөгүн жакшылап тазалаган. Архаикалык «уча» салты жана «кешик»
деп аталган бөлүгү мурдатан эле салт катары колдонулуп келген жана азыркы учурда да
колдонулуп келе жатат. Кыргызда «кешик» жаштарга жана кошуналарга кадыр-барктуу
коноктордун дасторконунан ооз тийгизүү жана тойлорго алып баруучу атайын даярдалган
дасторкон (ичине ар түрдүү даамдар салынган) болуп эсептелет. Ошентип, «уча» салты
мергенчилердин арасында пайда болуп, аңчылык өнөрүнөн келип чыккан, анткени уруулук
түзүлүштүн жамааттык өндүрүш жана керектөө ченемдерине кайтып бара жаткан теңдөө
мыйзамы күчүнө кирген. Аңчылык артелинин кайсы бир мүчөсүнүн салымына карабастан
кыргыздарда олжо бирдей бөлүштүрүлгөн. Болбосо кийинки жолу мергенчиликке чыгууда
ийгилик болбой калат деген ойдо болушкан. Окумуштуулардын пикири боюнча, «уча»
салтын иштетүү үчүн шарттар уруулук түзүлүштүн ыдырап, коңшу жамааттын пайда
болушу мезгилинде, уруулук аймактарга уруу мүчөлөрүнүн өзгөчө укугу бузула баштаганда
пайда болгон, ал алгачкы уруулук мамилелердин учурунда пайда болгон деп болжолдоо
алда канча ишенимдүү көрүнөт.«Уча» салты зарылдык туулган учурда элди колдоо катары
колдонулган, анткени ал өз ара жардамдашуунун өнүгүшүн аныктап, нике байланыштарынын
системасын өркүндөтүп, социалдык градацияларды орнотууну аныктаган.

Биография автора

О.К. Каратаев, Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институту, КР УИАнын Түштүк бөлүмү

т.и.д.,профессор

Библиографические ссылки

Абрамзон, С. М. Киргизы и их этногенетические и историко- культурные связи. – Фрунзе, 1990. – 480 с.

Бутанаев, В. Я., Монгуш Ч. В. Архаические обычаи и обряды саянских тюрков. Абакан, Изд-во Хакас. гос. ун-та им. Н. Ф. Катанова, 2005. -196 с.

Бутанаев, В.Я., Монгуш Ч.В. Обряды как отражение традиционный верований тувинцев и хакасов в XIX-XX вв. - Абакан, 2012. –200 с.

Вайнштейн, С.И. Тувинцы-тождинцы. Историко-этнографические очерки - M., 1961. -231.

Вайнштейн, С. И. Социальная организация саянских оленеводов-охотников (тофалары) // Общественный строй у народов Северной Сибири (XVII начало XX в.). М., 1970. С. 300-312.

Каратаев О.К.,Эралиев С. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек, Бийиктик. 2015. – 555 б

Каратаев О.К. Кыргыздардын теги, келип чыгышы, этностук-маданий байланыштары. Бишкек, КТМУ, 2013. – 367 б.

Монгуш Ч. В. Обряды как отражение традиционных верований тувинцев и хакасов в

XIX-XX вв.// Автореф.канд. дисс. -Абакан, 2005. – 41 с.

Сирина А. А. Нимат: обычай дележа у северных тунгусов: [в т.ч. у эвенов Магадан.

обл.] //Антропология социальных перемен.-Москва: Российская политическая энциклопе- дия, 2011. С. 300-320.

Юдахин К. К. Кыргызча-орусча сөздүк. Фрунзе, 1965. – 893 с.

Karatayev O. K. “Ucha” tradition kyrgyz kulture end its historical - Ethnographic coun- terparts Karadeniz dergısı. Yıl 5, Sayı 18. S 88-94. 2013. Tyrkey.

Karatayev O. K. Siberiya Türkleri ve Kırgızlardaki Uça geleneği. II Uluslararası Tirk

Kültürü ve Tarihi Sempozyumu. 01-02 Kasım. Yeditepe Üniversitesi. İstanbul. 2018. S. 45-49.

Загрузки

Опубликован

2022-10-11