ДЕНЕ ТАРБИЯ САБАКТАРЫНЫН МАКСАТ- МИЛДЕТТЕРИНИН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРЫН ИЗИЛДѲѲ

Авторы

  • Иманбаев А.А. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети

Ключевые слова:

мектеп, дене тарбия, стандарт, максат, артыкчылыктуу багыт, окуучу, мугалим, ата-эне, баалоо.

Аннотация

Мектепте дене тарбия сабактарынын максаты «Орто мектептин
5-9-класстары үчүн «Дене тарбия» предмети боюнча стандартта» чагылдырылып,
окутуунун натыйжаларын баалоонун үлгүсү, эталону, модели катары кабылданат.
Макалада 5-9-класстардын окуучулары, ата-энелер, дене тарбия мугалимдери жана
болочок мугалимдерден турган төрт топтун аталган стандартта белгиленген максаттардын
кайсынысына артыкчылык бере тургандыгы изилденди. Респонденттер 14 максаттын
ичинен эӊ маанилүү, артыкчылыктуу деп белгилеген 7 максат жыштыктын кайталанышына
жана ага байланыштуу пайыздарга баа берүү менен ѳлчѳндү. Алынган натыйжалар дене
тарбиясы тууралуу билимдерге байланыштуу максаттар кыймылдык ѳнүгүү максаттарына
салыштырмалуу окуучулар тобу тарабынан артыкчылыктуу багыт катары бааланбай
тургандыгын кѳрсѳттү. Мектептерде дене тарбия сабактарынын максат, милдеттерин
аныктоодо, болочок мугалимдерди даярдоодо, спорттук иш-чараларда окуучулардын
адептик-руханий баалуулуктарын, сергек жашоо образы тууралуу билимдерин ѳнүктүрүү
маселелерине орчундуу маани берүү сунушталды.

Библиографические ссылки

Мамытов А. М., Джанузаков К. Ч. Дене маданияты теориясы. - Б., 2011. - 211 б.

Матвеев Л. Д. Теория и методика физического воспитания. учеб. для инстит-в. -

М.: ФИС, 1997. - 125 с.

Шарабакин Н. И., Бервинова Н. С. Основы школьной физической культуры. - Б.:

Шам, 2005. -176 б.

Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү

стандарты». [Электронный ресурс]. - Режим доступа: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/kykg/96691 (дата обращения: 15.11.2019).

Бекбоев И. Б. Окуучу, мектеп, мугалим улуттук педагогика илиминин контекстинде.

Илимий макалалалардын жыйнагы: 2 китеп [Текст] / Бекбоев И.Б. -Б., 2015. - 464 б.

Известия НАН КР, 2021, № 1 165

Алимбеков А. Окутуунун жалпы методдору. - Б.: КТМу, 2004. -236 б.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 5-9-класстары үчүн

«Дене тарбия» боюнча предметтик стандарт [Электрондук ресурс]. - Режим доступа: http://

kao.kg/wp-content/uploads/ (дата обращения: 13.11.2020).

Бекбоев И., Алимбеков А. Азыркы сабак жана аны өткөрүүнүн технологиясы. Жалпы

билим берүү мектептин мугалимдери жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн. -

Б., 2011. -170 б.

Загрузки

Опубликован

2021-05-11