Эне тилинин кош тилдүү адабиятта калыптанышынын баштапкы тенденциялары

Авторы

  • Мейликан Тагайбековна Нурмаматова

Ключевые слова:

эне тили, кош тилдүү адабият, тектеш элдер, Орхон-Енисей жазуулары, кол жазма адабияты, профессионалдык адабият ж.б.

Аннотация

Макалада эне тилибиздин кош тилдүү адабий чыгармачылыгы оозеки адабияттан башталуу менен анын калыптанып жана өнүгүү процесси биринчи кезекте боордош-тектеш элдердин өз ара салттык, ырым-жырымдык, чыгармачылык алакаларынын аркасында түптөлгөндүгү тууралуу сөз болот. Тектеш элдердин тилдик, адабияттык жана башка жакындыктары, кезегинде эки элдин ортосундагы кош тилдүү чыгармачылыктын пайда болушун шарттагандыгы белгиленет. Азия чөлкөмүнүн кеӊири аймагынан табылган, байыркы жазма эстеликтерди ар кайсы түрк уруулары жазып калтыргандыгы анык жана алардын көпчүлүгүнүн кыргыздарга тиешелүү деп белгиленет. Мындайча айтканда, эстеликтерге жазуу салты кыргыздар тарабынан башталып, андан кийин башка дагы түрк урууларына тараган деген ой айтылат. Кыргыз профессионалдык жазма адабиятынын ХХ кылымдын 20-30-жылдардагы мезгили негизинен кош тилдеги чыгармачылык процесс аркылуу калыптангандыгы баса белгиленет.

Библиографические ссылки

Акматалиев А. Байыркы орток түрк адабиятынын очерки (Экинчи басылышы). – Б.: Бийиктик плюс, 2015. – 164 б.

Кыргыз адабиятынын тарыхы. Байыркы орток жана кол жазма адабияты. /А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында IV том. – Б., 2017. – 464 б.

Чоротегин Т.К. Махмуд Кашкари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги – түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак: Илимий басылыш. – Б.: Турар, 2017. – 376 б.

Загрузки

Опубликован

2024-09-29