ЕВКЛИДДИК ЭМЕС ГЕОМЕТРИЯНЫ ОКУТУУДА МАГИСТРАНТТАРДЫН МЕЙКИНДИК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН ѲНҮКТҮРҮҮ
Ключевые слова:
V постулат, Евклиддин геометриясы, параллель түз сызыктар, Лобачевскийдин геометриясы, Римандын геометриясы, мейкиндик ой жүгүртүү, магистранттарАннотация
Бул макалада евклиддик эмес геометриянын (Лобачевскийдин, Римандын) материалдары аркылуу магистранттардын мейкиндик ой жүгүртүүсүн ѳнүктүрүүгѳ ыңгайлуу шарт түзүлө тургандыгы айтылды. Андан соң, Евклиддин V постулаты, евклиддик эмес геометриянын келип чыгышы, Лобачевскийдин жана Римандын геометриясынын мазмуну тууралуу кыскача баяндама берилди. “Улуу геометриялар” деп аталуучу Евклиддин, Лобачевскийдин жана Римандын геометрияларынын байланыштары жана өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү. Окуп-үйрөнүүчүнүн (окуучунун, студенттин) мейкиндик ой жүгүртүүсүн геометриялык билим берүүдө атайын түзүлгѳн шарттарда, аларга системалуу аракет этүү менен ар качан ѳнүктүрүүгѳ боло тургандыгы, мындай шарттар болуп, евклиддик жана евклиддик эмес геометриялардын түшүнүктөрү эсептелинээри айтылды. Ошондой эле евклиддик эмес геометриянын негизги түшүнүктөрүн кийрүү аркылуу магистранттардын мейкиндик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө сунушталган методиканын эффективдүүлүгү, Ош мамлекеттик университетинде окутуу процессинде лекциялык жана практикалык сабактарда текшерилгендиги жөнүндө сөз болду. Магистранттардын мейкиндик ой жүгүртүүсүн калыптандырууда, үч геометриянын ортосундагы байланышты жана алардагы айыр мачылыктарды көрсөтүүдө геометриялык түшүнүктөрдү бул геометриянын ар биринде өз-өзүнчө өздөштүрүүгө караганда, аларды бир учурда кароо жакшы натыйжаберүүсү айтылды. Учурда мектептин окутуу предметтерин интеграциялоо талабына ылайык геометрияда, Ааламдын геометриясын түшүнүү үчүн, физиканын, астрономиянын, географиянын маселелерин да чечип кетүү жагы сунушталды.
Библиографические ссылки
Борбоева Г.М. Mодели Пуанкаре геометрии Лобачевского и их место в развитии пространственного мышления // Г.М. Борбоева, А.Н. Абдышукурова, А.К. Аманова / Наука. Образование. Техника. – Ош: КУУ, 2020. – №1. 28-34.
Каплунович И.Я. Психологические закономерности развития пространственного мышления// Вопросы психологии. – 1999.–№1. 65-69 б.
Матиева Г. Геометриянын негиздери: Окуу колдонмосу / Г. Матиева, Т.М. Папиева, Б.А. Азимов. – Ош: 2022. – 110 б. ISBN 978-9967-03-768-7.
Атанасян, Л. С. Геометрия Лобачевского /Л. С. Атанасян. –2-е изд., испр. –М.: БИНОМ. Лаборатория знаний, 2014. – 467 c. ISBN 978-5-9963-2364-7
Бекбоев, И. Б. Геометрия: орто мектептин 10-11 класстары үчүн окуу китеби // И.Б. Бекбоев, А. А. Бѳрүбаев, А. А. Айылчиев. –2-бас. Б.: «Aditi», 2010. –192.: ил. ISBN 978-9967-25-805-1.