САЛТТУУ МАДАНИЯТ ЖАНА УЛУТ КИМДИГИ

Авторы

  • Бөкөшов Ж

Ключевые слова:

салттуу маданият, улуттук кимдик, улуттук болум, убакыт, кыргыз маданияты, музыкалык салт, тарыхый шарт, келечекти ойлонуу.

Аннотация

Бул макалада улуттун кимдигин аныктоодо салттуу маданияттын мааниси изилденет. Улуттун салттуу маданияты анын өзүн кандайча калыптандырарына, таанып-билерине жана башкаларга кандайча көрсөтөрүнө түздөн-түз таасир этет. Макалада салттуу маданият менен улуттук кимдиктин байланышынын философиялык-методологиялык аспектилери талданат. Мындай байланышты илимий-теориялык изилдөө үчүн убакыт ченемин аныктоо зарылчылыгы баса белгиленет, анткени философия (онтология) болмуш маселесин убакыт менен ажырагыс карайт. Улуттун болмушун тарыхый алкакта түшүнүү да убакыттын өткөн, азыркы жана келечек ченемдерин бирге кароону талап кылат. Салттуу маданият тарыхый жагдайга жараша өнүгүп-өзгөрүп турса да, анын өзөгүн сактаган өзгөчөлүгү улуттун кимдигин айгинелеп, муундан муунга өтүп келет. Ошондуктан, экономикалык, технологиялык, экологиялык, саясий жана социалдык жагдайлар менен бирге салттуу маданият менен улут кимдигин эриш-аркак кароодо онтологиялык негиздерге көңүл буруу чоң мааниге ээ. Макалада теориялык маселелер кыргыз маданиятынын мисалында
чечмеленет.

Библиографические ссылки

Аманова Р.А. Кыргыздын оозеки салттагы профессионалдык музыкасы.- Бишкек: Илим, 2023.- 346 с.

Бөкөшов Ж. Салт жана билим (Когнитивдик антропологияга карай). – Бишкек: Улуу тоолор, 2014. - 207 б.

Ваттимо Дж. После христианства. – Москва: Три квадрата, 2007.- 160 с.

Генон Р. Кризис современного мира.- Москва: Эксмо, 2008.- 784 с.

Кьеркегор С. Страх и трепет. – Москва:Республика, 2010.- 193 с.

Морен Э. К пропасти. – СПб: Алетея, 2011.- 136 с.

Хайдеггер М. Время и бытие.- Москва: Республика, 1993.- 452 с

Shils E. Tradition.- Chicago: University of Chicago Press, 1981.- 334 p.

Загрузки

Опубликован

2025-11-15

Выпуск

Раздел

САЛТТУУ МАДАНИЯТ: ФИЛОСОФИЯ, ИДЕНТТҮҮЛҮК ЖАНА ТРАНСФОРМАЦИЯ

Категории