КЫРГЫЗ КҮҮЛӨРҮНҮН КОМПОЗИЦИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ (ТОКТОГУЛДУН “ТОГУЗ КАЙРЫК” КҮҮСҮНҮН ҮЛГҮСҮНДӨ)
Ключевые слова:
kyuu; motive; composition; modal structure; komuz structure; types of motives; culmination; functions of motives; scales; modulation shifts; methods of deviation.Аннотация
Макалада кыргыздын комуз күүлөрүнүн композициялык түзүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрү, күү жаратууда колдонулган музыка өөрчүтүү, кайрыктарды түрлөнтүүыкмалары каралат. Талдоо объектиси катары Токтогул Сатылгановдун “Тогуз кайрык” күүсү тандалган. Макаланын биринчи бөлүгүндө Токтогулдун өзүнөн күүнү нотага түшүргөн А. Затевичтин кыргыз күү өнөрү жана “Тогуз кайрык” жөнүндө айтылган ойлору, ошондой эле анын нота жыйнагына баш сөз жазган В. Виноградовдун пикири берилген. Макаланын негизги бөлүгүндө күүнүн кайрыктары, алардын өзгөргөн түрлөрү тыкыр талданат. Андан кийинки бөлүктө кайрыктардын күүнүн композициясындагы орду, алардын аткарган мидеттери алардын алмашуу принциптери каралат, ошого жараша күүнүн түзүмү, анын бөлүктөрү, өз кезегинде алардын аткарган функциялары каралат. Андан кийинки бөлүктө күүнүн кайрыктары салыштырылып, алардын ички байланыштары, окшоштуктары жана айырмачылыктары такталып, күүдөгү бардык кайрыктар бир эле кайрыктан чыкканы далилденет. Макаланын жыйынтык бөлүгүндө кыргыз комузчуларынын күү куроо, музыка жаратуу жана обон-кайрыктарды түрлөнтүп өөрчүтүү принциптери каралат. Аны менен кыргыз аспаптык музыканын композициялык өзгөчөлүктөрү аныкталат.
Библиографические ссылки
Затаевич А. В. Киргизские инструментальные пьесы и напевы. Москва: “Сов. композитор”, 1971.
Виноградов В. “А. В. Затаевич и киргизская народная музыка”. В кн.: Затаевич А. В. Киргизские инструментальные пьесы и напевы. Москва: “Сов. композитор”, 1971, 3-30-беттер.
Виноградов В. Музыкальное наследие Токтогула. М.: Госмузиздат, 1961.
Исабаев Ч. “Комуздун тандалма күүлөрү жана обондору”. Бишкек-2008.