ОКУУЧУЛАРДЫН ТААНЫП-БИЛҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮКТӨРҮН ӨРКҮНДӨТҮҮДӨ НАКЫЛ КЕПТЕРДИ КОЛДОНУУНУН ОРДУ ЖАНА МААНИСИ
Ключевые слова:
накыл кептер, кеп өстүрүү, макалдар, лакаптар, оозеки кеп, тарбия, билим, башталгыч класстар, балдардын жаш өзгөчөлүгү, окуучулардын сөз байлыгы, фольклор, элдик оозеки чыгармачылык, дидактика, этнопедагогика, тил, табышмак, жаңылмач ж.б.Аннотация
Бул макалада накыл кептердин окуучулардын тааныпилүүсүн, сөз байлыгын, аң-сезимин өстүрүүдөгү, тарбия, билим берүүдөгү орду, ролу тууралуу маселелерди иликтөөгө аракеттер жасалды. Накыл сөздөр - бул элдик акылмандыктын формасы болуп саналат. Аларды окуу процессинде колдонуу окуучуларды тереңирээк ойлоого, өз алдынча тыянак чыгарууга жана жашоо менен сабактын темасын байланыштыра билүүгө үйрөтөт. Накыл сөздөр ар кандай маселелерди логикалык чечүүгө, салыштырууга, анализ жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. Алар аркылуу окуучулар маданий мурасты өздөштүрүп гана тим болбостон, өз ойлорун так, жүйөөлүү айта билүүнү да үйрөнүшөт. Окуучулардын таанып-билүү мүмкүнчүлүктөрүн үзгүлтүксүз жогорулатуу принциби азыркы күндө актуалдуу маселелердин бири. Окуучулар кыргыз тили сабагында таанып-билүү процесстердин (кабылдоо, эстөө, элестөө жана ойлонуу) кайсы бир деңгээлине ээ болушат. Педагогдор окуучулардын таанып-билүү табиятын анализдөө менен катар психологиялык негиздерди да калыптандыруу маселесин колго алышат.
Библиографические ссылки
Дүйшоналиев С. “Сөз үрөн”. Ош, 2013, 30-б.,152-б.
Карасаев Х. «Накыл сөздөр», Ф., 1982, 1-китеби, Ф., 1987, 2-китеби.
Петров В. П. Сүйлөөгө жана жазууга алгачкы окутуу, М., 1966
Чыманов Ж.А. Кыргыз тилин эне тили катары окутуунун методологиясы, Б., 2015