АЛТАЙ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ РОССИЯЛЫК-КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭТНОГРАФИЯЛЫК ЭКСПЕДИЦИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР

Авторы

  • И.И. Назаров

Ключевые слова:

Алтай Республикасы, этнографиялык экспедиция, алтайлар, теленгиттер, салттуу маданият, салттардын калыбына келиши, эл аралык байланыш

Аннотация

Акыркы төрт жылдан бери Россиянын жана Кыргызстандын этнографтары “Чоң Алтай” долбоорунун алкагындагы экспедицияларда азыркы түрк элдерин изилдеп келе жатышат. 2022, 2024-жылдардагы экспедициялардын жүрүшүндө этнографтар алтайлар менен теленгиттердин сакталып келе жаткан салттарын иликтешти. Түштүк Алтайдын бийик тоолуу жана талаалуу мейкиндиги, алтайлар менен теленгиттердин мал чарбачылыгынын жана ага байланыштуу материалдык маданиятынын сакталышын, өнүгүшүн шарттайт. Алтайлыктар менен теленгиттердин абдан туруктуу сакталып келе жаткан көрүнүштөрүнө салттуу алтай турак жайы, кийим-кечектеринин айрым элементтери жана тамак-аш кирет. Азыркы алтайлардын жашоосунда жаратылышка жана ар кандай духтарга сыйынууга байланыштуу ишенимдерге негизделген ырымдардын мааниси чоң. Алтайдын түпкүлүктүү калкы өзүнүн салттуу маданиятын сактоо жана өнүктүрүү боюнча абдан жигердүү аракеттерин кылууда. Мындай максатка жетүү үчүн айыл жерлеринде тарыхый-этнографиялык музейлер, конок үйлөрү, салынып, салттуу кол өнөрчүлүк жана элдик оюндар калыбына келтирилип жатат. Ошону менен бирге эле, этномаданий мурас алтайлар менен теленгиттерге эмес, туристтерге дагы керек экендигин белгилөө зарыл.

Библиографические ссылки

Асанканов А.А., Назаров И.И. Алтайско-кыргызские этнокультурные параллели по материалам международных этнографических экспедиций // Этнография Алтая и сопредельных территорий: материалы 11-й Международной научной конференции (Барнаул, 26-28 октября 2023 г.) «Этнография Алтая и сопредельных территорий в дискурсе новационных и традиционных подходов: антропологическое измерение региональной истории культуры народов». Вып. 11. Под ред. Т.К. Щегловой. Барнаул: АлтГПУ, 2023. С. 320-323.

Назаров И.И. О работе международной этнографической экспедиции «Большой Алтай» в Кыргызстане и на Алтае в 2022 году // Полевые исследования в Верхнем Приобъе, Прииртышье и на Алтае (археология, этнография, устная история и музееведение) 2022: Вып. 17. Сборник научных трудов под ред. Т.К. Щегловой и др. Барнаул: АлтГПУ, 2022. С. 222-230.

Голоса культуры: по страницам международной этнографической экспедиции «Большой Алтай: тюркское наследие – 2022 [электронный ресурс]. Режим доступа: https://bolshoy-altay.asu.ru/news/o-chem-govoryat-golosa-kultury-v-altgu-pokazali-fi.html?sphrase_id=18939472 (дата обращения 15.01.2025).

В поисках общей истории: международная этнографическая экспедиция «Большой Алтай 2024» [электронный ресурс]. Режим доступа: https://katun24.ru/projects/dokumentalnye-filmy/805994 (дата обращения 15.01.2025).

Загрузки

Опубликован

2025-08-20