LEXICAL AND SEMANTIC GROUPS OF METAPHORICAL MEANINGS DENOTING A PERSON IN THE KYRGYZ AND UZBEK LANGUAGES

Авторы

  • Сулайманова М., И., Алисултонова Н., А.

Ключевые слова:

метафора, лексика-семантикалык топ, ѳтмѳ маани, оошуу, окшоштук, тема, салыштыруу.

Аннотация

Метафорада ѳтмѳ маанинин негизи ар дайым толук, так боло бербейт. Мисалы, алтын баш, оошуп жаткан сөз алтын, ал кайсы сѳздүн ордунда келип жаткандыгы – белгисиз. Балким, «баалуу», «акылдуу», «кымбаттуу» жана башкалар. Санап өтүлгөн сөздөрдүн ар биринде алтынга пропорционалдуу сема бар. Ооштуруу субъективдүү түрдө түзүлгөндө, автордон башка адам үчүн окшоштукту кабыл алуу кыйын болуп калат. Демек, метафоранын артындагы окшоштук метафоранын табиятына таасир этет. Ошондуктан метафора ооштуруу ачык болгондо түшүнүктүү, ооштуруу ойлоп табылганда түшүнүксүз, окшоштук жоголгондо сезилерсиз болот. Метафора абдан кеңири таралган көрүнүш, бирок аны бардык лексика-семантикалык топтор (ЛСТ) үчүн бирдей деп кароого болбойт. Ошондой эле сѳздѳрдү ѳтмѳ мааниде колдоодо белгилүү бир мыйзам ченемдүүлүктөр бар: ар кандай лексика-семантикалыктоптор (ЛСТ) түрдүү абалдагы салыштыруулар үчүн тандык болот. Мисалы, жаныбарлардын аттары метафоралык мүнөзгө ээ жана адамдын табиятын чагылдырат (мисалы, түлкү, мал), өсүмдүктөрдүн аттары - сырткы көрүнүштү (мисалы, гүл, терек, дѳңгѳк) туюнтат. Албетте, бул ар кандай топторду аныктоо шарттуу түрдѳ болот. Бул макалада өзбек жана кыргыз тил дериндеги метафоралык белгилер топторго бѳлүнүп, аларга лексика-семантикалык анализ жүргүзүлгѳн.

Библиографические ссылки

Аристотель Поэтика. – Т. Адабиёт ва санъат. 1980.

Барпы, Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. Бишкек – 1995.

Қобулжонова Г. К. Метафоранинг системавий лингвистик талқини. Филол.фан.ном. диссер...автореферати. Т. 2000.

Мамадалиева М. А. Ўзбек тилида номинатив бирликларнинг коннататив аспекти. Филол.фан.номзод.диссер. автореферати.-Т. 1998.

Сапарбаев А. Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы. Бишкек, 1997.

Загрузки

Опубликован

2025-06-14