АРСТАНБЕК - КЫРГЫЗ ООЗЕКИ САЛТТУУ МУЗЫКАЛЫК-ПОЭТИКАЛЫК МАДАНИЯТЫНЫН КЛАССИГИ
Ключевые слова:
Арстанбек, оозеки салттуу профессионалдык ырчылык, комузчулук музыкасы, көчмөн коомдук аң-сезими.Аннотация
Оозеки салттуу профессионалдык ырчылык жана комузчулук музыкасынын тарыхында аттын кашкасындай таанымал болгон чоң төкмө акын инсандарыбыздын бири Арстанбек Буйлаш уулу өзгөчө орунду ээлеп улуттук көркөм өнөрдүн эки чоң тармагында бирдей эмгек өтөп, бир жагынан төкмө акынчылыкты, экинчи жагынан комузчулук
күүчүлүктү параллель алып бир топ жакшы ийгиликтерди жаратып кеткен. Биринчиден, ошол замандык залкар ырчы акыны катары өзү жашаган ХIX-кылымда өкүм сүргөн саясий идеологиялык (Ак падыша империясы, Кокон хандыгы) актуалдуу маселелерге көңүл буруп өзүнүн көчмөн коомдук аң-сезимдерин даана түшүнүп, билип, элдин турмуш-тиричилигин ошондогу көндүм жанрлар ыр-күү музыкалык-поэтикалык чыгармаларда курч проблемалуу темаларда эч тартынбастан өзү черткен комуздун коштоосунда ырдап журт ичинде болуп жаткан социалдык окуяларды жана мамилелерди жаап-жашырбай, чындыкты түз айтып, адам кылык-жоруктарын реалдуу сүрөттөп берип турган.
Библиографические ссылки
Алагушев Б., Шер-Нияз С. Ак таңдай. –Б.,Бийиктик, 2003, 65-б.
Садык Алахан. Арстанбек. Элдик китепкага сериясы. –Б., 2024