«КИССАС АЛЬ-АНБИЯ» («ПАЙГАМБАРЛАР ЖӨНҮНДӨ БАЯНДАР») ЧЫГАРМАСЫНДАГЫ ЖАНРЛАРДЫН ЖЕКЕ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Ключевые слова:
жанр, адабий эстелик, орто кылым, текст, диний-дидактикалык, Алтын Ордо, композиция, сюжет, образАннотация
Бул макалада ХІV кылымда жазылган Насир ад-Дин Бурхан ад-Дин Рабгузинин«Киссас аль-анбия» чыгармасында колдонулган жанрлар менен адабий үлгүлөрдүн өзгөчөлүгү тууралуу айтылат. Орто кылымдагы түрк жазма мурасы ХІІІ-ХІV кылымдарда диний-дидактикалык жана динийуфийлик багытында өнүгүп, тематикалык жактан байып, жанр жагынан өнүктү. Орто кылымда араб, перс тилдеринде жазылган көркөм чыгармалар түрк адабий тилине которулган. Алтын Ордо жазма эстеликтери кийинки мезгилдеги чыгармалардын калыптанышына чоң таасирин тийгизген. Казак, кыргыз, өзбек, башкыр, ногой, татар, түркмөн сыяктуу элдердин кийинки кылымдардагы жазма адабиятынын өнүгүшүнө таасир эткен чыгармалардын катарында Рабгузинин чыгармачылыгы да кирет. Анын «Киссас аль-анбия» («Пайгамбарлар баяны»), «Киссас аль-анбия Рабгузи» («Рабгузинин пайгамбарлар тууралуу баяны»), «Киссас аль-анбия’алейхи ас-салам» («Пайгамбарлар баяны (а.с.)») жана «Киссаи Рабгузи» («Рабгузи баяны») деген чыгармалары кеңири тараган. Бул адабий эстеликтин ар кандай аталышта берилишинин башкы себеби – мусулман элдеринде пайгамбарлар тарыхына арналган диний-дидактикалык эмгектер көп болсо да, чыгарманын автору айтылган эмес.Ошондуктан бул чыгарманын поэтикасын, жанры жана көркөмдүк өзгөчөлүгүн изилдөө маанилүү.
Библиографические ссылки
Кыргыз адабиятынын тарыхы. Байыркы орток жана кол жазма адабияты. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – Бишкек: 2017. IV-том. – 464 бет.
Саманчин Т. Чыгармачылык жолу// Молдо Кылыч. – Фрунзе: Адабият, 1991. – 334 б.
Қыраубаева А. Ғасырлар мұрасы. Алматы: Мектеп, 1988. –163 б.
Адабий жәдігерлер. 20 томдық. Насируддин Бурһануддин Рабгузи. Пайгамбарлар Киссасы. 8 том. Алматы: Таймас, 2008. – 480 б.
Остонақулов И. Қисас ар-Рабгузий – адабий асар. Автореферат (кандид.). Тошкент, 1993.
Сафарова Х. Рабгузийнинг «Қиссаи Юсуф Сиддиқ алайхис-салом. Автореферат (кандид.). Самарқанд, 2001.
Hacıyeva N. Nәsirәddin Rәbquzinin Qisәsül-әnbiya әsәri vә dili (nam. diss. avtoref.) Bakı, 1992.