САНДЫК МААНИДЕГИ СОМАТИКАЛЫК ПАРЕМИЯЛАРДЫН ТУЮНДУРУЛУШУ
Ключевые слова:
-Аннотация
Изилдөөдө кыргыз тилиндеги сан компоненти бар соматикалык паремияларды талдап, алардын маанисин жана өзгөчөлүктөрүн аныктоо аракети каралат. Кыргыз тилинде сандык маанидеги соматикалык паремиялар адамдын тулку боюнун туруктуу санына ээ болгон лексикалык бирдиктердин белгилүү системасы. Бул паремиялар адамдын ички дүйнөсүн, эмоцияларын жана иш-аракеттерин адамдын тулкусу аркылуу символдук түрдө көрсөтөт. Сандык маанидеги соматикалык паремиялар тилде метафоралык жолдор аркылуу колдонулуп, ар кандай түшүнүктөрдү тереңдетет жана көбүнчө коомдук жана жеке турмушту сүрөттөйт. Ал тилдин өнүгүүсүнө кызмат кылат, улуттук тилге көз каранды эмес, тилдин жеке өзгөчөлүктөрүнө көз каранды, сан жагынан да, сапаттык жактан да айырмаланышы мүмкүн. Жалпысынан сан компоненттүү соматикалык паремиялардын семантикалык жана сандык мааниси көп учурда адамдардын биримдигин туюндуруп, коомдогу унутулган руханий баалуулуктардын жана коомдун өнүгүүсүнүн сандык көрсөткүчүн туюндурат.
Библиографические ссылки
Вакк Ф. О. О соматическом фразеологии в современном эстонском языке. Автореф. Дис. Канд. филол. Наук. Тарту, 1964. - С. 22.
Гакк. В. Г. Сопоставительная лексикология. – М. : Междунар. Отношения, 1977. - С. 264.
Шанский Н. М. Лексика и фразеология современного русского языка. – М. : 1957. - С. 36.
Лингвистический энциклопедический словарь. – Москва. 1990. – С. 588.
Молчанова Л. А. Народная метрология. – Минск: Наука и техника, 1973. – С. 12, 25.