XIV-XVI КЫЛЫМДАРДА ТҮРК АДАБИЙ ТИЛИНДЕ ЖАЗЫЛГАН АРБАИН ЖАНРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Авторы

  • Төрали Едилбайулы Кыдыр

Ключевые слова:

орто кылым, ислам адабияты, диний-дидактикалык, хадис, жанр, арбаин, поэзия, салттын уланышы

Аннотация

Динди көркөм сөз менен жайылтуу өзгөчө мүнөзгө ээ. Ислам негиздери менен ишеним шарттары адабий чыгарма катарында каралганда гана чыныгы руханиятка айланат. Ушул маселеге көңүл бурган акындар адабият аркылуу Куран аяттарын, пайгамбарыбыздын хадистерин даңазалоону көздөшкөн. Ошондуктан ислам цивилизациясынын алкагында чыгарма жазган араб, перс, түрк акындары Мухаммед пайгамбардын хадистерин көркөм сөз менен жеткирип турушкан. “Менин хдистеримден кырк хадисти мусулмандарга жеткирген адам бейишке ээ болот” деген пайгамбарыбыздын хадисин бекем карманган акындар Алланын Элчисинин осуяттарын кийинки муунга жеткирүүгө аракет кылышкан. Натыйжада орто кылымдарда кеңири тараган арбаин жанры пайда болгон. Араб, перс жазуучуларын айтпаганда да, Имам ад-Дин Насими, Мухаммад Физули, Хазини, Алишер Навои сыяктуу түрк дүйнөсүнүн акындары пайгамбарыбыздын тандалган кырк хадисин ыр түрүндө жайлтышкан. Алтын Ордо бийлигинде жашаган Махмут Кердери проза түрүндө кырк хадис жазган. Кердери бул эмгегинде хадистердин ички мазмунун ачууга аракет кылган. Орто кылымдарда пайда болгон бул салт 20-кылымдын башына чейин уланат. Ббул макалада XIV-XVI кылымдарда түрк адабий тилинде жазылган арбаин жанрынын өзгөчөлүктөрү талданат.

Библиографические ссылки

Аль-Арбагин. Лил-имам аль-мухаддис аль-ариф биллаһ Мухи ад-Дин Аби Закарийа бин Шараф ад-Дин ан-Науауи рахимаһуллаһ. Казань: Типографія Т.Д. «Бр. Каримовы», 1914. – 34 с.

Мустафа аль-Буга, Мухиддин Мисту. Аль-Уафи. Имам ан-Навави таңдаган кырк хадис шархы. Арабшадан аударган: Қ.Спатай. Алматы: «Каусар-саяхат» ЖШС, 2013. – 392 б.

Камолов Ф.А. Чихил хадис Абдуррахмана Джами и традиция напсиания сорока хадисов в персидско-таджикской литература (до ХІV века). Автореферат диссертации на соискание ученой степени кандидата филологических наук. Худжанд, 2012.

Гузел А. Дини-тасаууфи түрк едебийаты. Анкара:Акчаг басым, 1999. – 680с.

Жоми Абдуррахмон. Арбаини Жоми. Бо тахрир-е Козим Мудиршоначи. - Машһад: Остони Кудси Разави, 1363. – 480 с.

Алишер Навоий. Арбаъин. Матнни нашрга тайёрловчи С.Ганиева. Тошкент: Фан, 2000. – 110 б.

Nağısoylu. Hаzininin «Hаdisi – аrbаin» tаrcümаsi. Bakı: Nurlan, 2008. – 432 s.

Махмут аль-Кердери. Жумақтардын ашык жолы. (Қурастырган: Т.Кыдыр). Адеби жадигерлер сериясы. 10-том. Алматы: Таймас баспа үйи, 2010. – 480 б.

Загрузки

Опубликован

2025-09-30