ЭКИ БӨЛҮКЧӨНҮН (ТЕЛОНУН) ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНИШҮҮСҮНДӨГҮ ЭНЕРГИЯСЫ ЖАНА КИНЕТИКАЛЫК ЭНЕРГИЯСЫ
Ключевые слова:
теория, деңгээл, ылдамдык, убакыт, бөлүкчө, чагылуу, механикалык кыймыл, аксиома, система, үлгүлөр, схема, формула, далил, масса.Аннотация
Телолордун механикалык кыймылынын энергиясын карап көрөлү. Телонун механикалык кыймылынын энергиясы анын кинетикалык энергиясы менен байланышкан, ал өз кезегинде телонун ылдамдыгына көз каранды. Механикада абсолюттук жана салыштырмалуу ылдамдык деп каралат. Демек, алар абсолюттук жана салыштырмалуу кинетикалык
энергиясы боюнча айырмаланат. Эки бөлүкчөнүн (телонун) кагылышуусунда салыштырмалуу кинетикалык энергиясы, абсолюттук кинетикалык энергиясынан айырмаланып,бир эле учурда эки бөлүкчөнүн механикалык параметрлерине, мисалы, эки бөлүкчөнүн тең массаларына жана бул бөлүкчөлөрдүн алар менен байланышкан абсолюттук ылдамдыктарына, ошондой эле алардын салыштырмалуу ылдамдыгына жараша болот. Салыштырмалуу кинетикалык энергия эки телонун (же бөлүкчөлөрдүн) өз ара аракеттешүүсүндө каралат жана алардын салыштырмалуу кыймылынын негизинде аныкталат. Бул учурда энергия эки бөлүкчөнүн тең массасына, алардын абсолюттук ылдамдыгына жана алардын ортосундагы салыштырмалуу ылдамдыгына көз каранды. Эки тело кагылышканда, алардын салыштырмалуу кинетикалык энергиясы энергиянын башка түрлөрүнө айланат.
Библиографические ссылки
Мамыров У.И. Классическая теория физики с дополненной основой (Начала современной классической теории физики. Бишкек: Илим, 2006
Мамыров У.И. Расширенная теория классической физики. Наука и новые технологии. – 1997, №4. с. 9-22
Храмов Ю.А. Физика. Библиографический справочник. –М.:Наука, Главная редакция физико-математической литературы, 1983.
Мамыров У.И., Молдобаева Л.А., Сыдыкалиев Н.А. Вывод формулы абсолютных и относительных кинетических энергий тел в расширенной теории классической физики. Материалы международной научно-практической конференции «Проблемы механики и прикладной математики», посвященной памяти Ф.И. Френкеля. – Т.1 Механика. – Бишкек 1995.
Матвеев А.И. Механика и теория относительности. – Москва: Высшая школа. 1986.
Путилов К.А. Курс физики. – Т.1 – изд.7 М.: Физматгиз, 1960.
Хайкин С.Э. Физические основы механики. М.: Наука 1971.
Зисман Т.А. Тодес О.М. Курс общей физики. Т.1 – М.: Наука.