КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮНҮН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКАСЫ МЕНЕН АЙЫЛ ЧАРБАСЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Авторы

  • Султангазиева А. А.

Ключевые слова:

-

Аннотация

Бул макала Кыргыз Республикасынын экономикасына жана айыл чарбасына климаттын өзгөрүшүнүн тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. Изилдөө 2023-жылы автордун жетекчилиги астында ишке ашырылган “Климаттык адилеттүүлүк” долбоорунун алкагында чогултулган маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн. Бул макалада өлкөдө буга чейин колдонулбаган атайын иштелип чыккан илимий методология колдонулган. Ошондой эле, БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын климаттын өзгөрүшүнө байланышкан негизги көрсөткүчтөр жыйнагы пайдаланылган. Бул көрсөткүчтөр климаттын өзгөрүшү менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалынын ортосундагы туруктуу өз ара байланышты аныктоого мүмкүндүк берди. Климаттын өзгөрүшү айыл чарбасына жана жарандардын өзгөчө аялуу катмарынын экономикалык абалына көп кырдуу таасирин тийгизүүдө. Терс натыйжаларга жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшү, суу ресурстарынын азайышы, айыл чарба жерлеринин деградациясы, түшүмдүүлүктүн төмөндөшү жана сугат суулары үчүн болгон атаандаштыктын күчөшүнө байланыштуу социалдык чыңалуунун жогорулашы кирет. Изилдөө төрт пилоттук аймакта жүргүзүлүп, (Бишкек шаарындагы “Алтын-Казык” конушу, Баткен облусунун Тогуз-Булак айылы, Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылы жана Нарын облусунун Баш-Кайыңды айылы) 711 респонденттин пикири чогултулду. Респонденттердин 80%га жакыны айыл жергесинде айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгү акыркы 10 жылда начарлаганын билдиришти, айрыкча Баткен облусунда бул көрсөткүч эң жогорку деңгээлде болду. Сугат сууларына жеткиликтүүлүк да олуттуу азайганы белгиленди – айылдык респонденттердин 74%дан ашыгы муну тастыкташты, ал эми Баткен облусунда бул көрсөткүч 84,7%га жетти. Табигый жайыттардын жана токой жерлеринин жоготуусу эң көп Ысык-Көл облусунда байкалган (57,8%). Инфраструктурага келтирилген зыян көпчүлүк аймактарда олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес, бирок Ысык-Көл облусунда респонденттердин дээрлик жарымы чыгымдардын көбөйгөнүн билдиришкен. Ошондой эле, климаттын жылышына карабастан, элдин турак жайларын жылытууга кеткен чыгымдары өсүп жатканы байкалган. Бул көрүнүш отун булактарына жеткиликтүүлүктүн төмөндөшү же жылытуу сезондорунун узартылышы сыяктуу себептер менен байланыштуу болушу мүмкүн. Макалада бир катар сунуштар берилет: ирригация системаларын модернизациялоо, суу сактагычтарды куруу, кургакчылыкка туруктуу өсүмдүктөрдү жана мал чарбасын өнүктүрүү, агрохимиялык лабораторияларды көбөйтүү жана айыл чарба жерлеринин агрохимиялык карталарын иштеп чыгуу. Ошондой эле, шамал эрозиясын азайтуу максатында токой тилкелерин калыбына келтирүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу сунушталат. Жыйынтыктап айтканда, бул изилдөө климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу чараларын айыл чарбасында жана суу ресурстарын башкарууда системдүү түрдө ишке ашыруунун маанилүүлүгүн көрсөтөт. Бул чаралар Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшөт.

Библиографические ссылки

-

Загрузки

Опубликован

2025-09-15