1926-ЖЫЛДЫН 29-ЯНВАРЫНДА ТҮЗҮЛГӨН ПАРИТЕТТИК КОМИССИЯНЫН АТКАРГАН ИШТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

Авторы

  • Ботобаев К. Нишанова Р.

Ключевые слова:

чек ара, область, автономия, Паритеттик комиссия, техникалык комиссия, участок, Совет бийлиги, аткаруу комитети.

Аннотация

Макалада СССР борбордук аткаруу комитетинин 1926-жылдын 29-январындагы токтому менен түзүлгөн паритеттик комиссиянын аткарган иштери тиешелүү архивтик материалдардын негизинде талдоого алынган. Автор, РСФСР, ТССР жана УзССРдин ортосундагы чек араны Бүткүл Россиялык борбордук аткаруу комитетинин Президиумунун  1925-жылдын 5-майындагы №62 токтому менен бекиткенден кийин эле бул чек ара жазуусунун көптөгөн пункттары боюнча Союздук республикалар менен автономдук республикалардын жана областардын өкмөттөрүнүн арасында талаш-тартыштар күч алып кеткенин белгилейт. СССР борбордук аткаруу комитетинин 1926-жылдын 29-январындагы токтому
менен бул талаш-тартыштарды жөнгө салуу үчүн Паритеттик комиссия түзүлүп, төрагасы болуп Д.И. Петровский дайындалат. Паритеттик комиссия тарабынан жалпысынан 45тен ашык маселе каралган. Комиссиянын алдында түзүлгөн Техникалык комиссиянын курамында 1924-1925-жылдары Кыргыз Автономиялуу Областынын көптөгөн жерлерин Өзбек ССРине өткөзүп беришке түздөн-түз катышы бар адамдар болгонун белгилейт. Паритеттик комиссиянын конструктивтүү иштебегенин конкреттүү мисалдарда көрсөтүп кетет. Жалпысынан кыргыз тарап 24 участок боюнча өзүнүн дооматтарын койгон болсо, анын ичинен болгону 6 участок гана кыргыздардын пайдасына чечилген. Калган 18 участок боюнча комиссия Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы чечим кабыл алган. Ошол эле убакта Өзбек ССРи тарабынан 7 участок боюнча доомат койулган болсо, анын ичинен 5 участок Өзбек ССРинин пайдасына чечилген. Паритеттик комиссия тарабынан акыйкатсыз чечимдер кабыл алын-гандыгына байланыштуу, комиссиянын ишинин жыйынтыгы 1926-жылдын күз айларында араң каралган. Паритеттик комиссиянын ишине Кыргыз Автономиялуу Областынын борбордук аткаруу комитети 1926-жылдын 25-апрелинде эле биринчилерден болуп каршы пикирлерин билдирген.

Библиографические ссылки

Протокол №62 заседания Президиума Всероссийского Центрального Исполнительного Комитета Советов от 4 мая 1925 года. ГАРФ. Ф. 1235. Оп. 41. Д. 4. Л. 329, 332об., 333, 333об.

Соображения области по уточнению границ между Киргизской Автономной Области и Узбекской ССР 1925 год. ЦГА КР Ф. 20. Оп. 1. Д. 347. Л. 37-41.

Протокол №35 заседания Президиума ЦИК Союза ССР от 29 января 1926 года. ГАРФ. Ф. 3316. Оп. 18. Д. 238. Л. 48.

Протокол № 7 от 12.03. 1926 г. Паритетной комиссии ЦИК СССР от 29 января 1926 года. ГАРФ. Ф. 1235. Оп. 120. Д. 31. Л. 384.

Протокол №8 от 15.03. 1926 г. Паритетной комиссии ЦИК СССР от 29 января 1926 года. ГАРФ. Ф. 1235. Оп. 120. Д. 31. Л. 383.

Протокол № 9 от 15.03. 1926 г. Паритетной комиссии ЦИК СССР от 29 января 1926 года. ГАРФ. Ф. 1235. Оп. 120. Д. 31. Л. 382.

Протокол № 10 от 15.03. 1926 г. Паритетной комиссии ЦИК СССР от 29 января 1926 года. ГАРФ. Ф. 1235. Оп. 120. Д. 31. Л. 381.

Протокол № 11 от 16.03.1926 г. Паритетной комиссии ЦИК СССР от 29 января 1926 года. ГАРФ.Ф. 1235. Оп. 120. Д. 31. Л. 380.

Протокол № 12 от 17.03.1926 г. Паритетной комиссии ЦИК СССР от 29 января 1926 года. ГАРФ. Ф. 1235. Оп. 120. Д. 31. Л. 379.

Протокол №13 от 20.03.1926 г. Паритетной комиссии ЦИК СССР от 29 января 1926 года. ГАРФ. Ф. 1235. Оп. 120. Д. 31. Л. 378, 378об, 379, 379об.

Протокол № 14 от 21.03.1926 г. Паритетной комиссии ЦИК СССР от 29 января 1926 года. ГАРФ.Ф. 1235. Оп. 120. Д. 31. Л. 376, 376об.12. Протокол № 15 от 25.03.1926 г. Паритетной комиссии ЦИК СССР от 29 января 1926 года. ГАРФ. Ф. 1235. Оп. 120. Д. 31. Л. 373, 373об, 374, 374об, 375, 375об.

Доклад Комиссии ЦИК Союза ССР по разрешению пограничных споров между республиками Средней Азии. ГАРФ. Ф. 3316. Оп. 12. Д. 119. Л. 140-179.

Материалы по кыргызскому землепользованию Наманганского уезда Ферганской области. Ташкент. 1913 г.

Материалы по кыргызскому землепользованию Андижанского уезда Ферганской области. Ташкент. 1913 г.

Материалы по землепользованию кочевого киргизского населения южной части Ферганской долины (Ошский, Скобелевский и Кокандский уезды). [Часть 1.] Ташкент, 1915 год.

Загрузки

Опубликован

2025-09-10