АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕРДИ ТУРИСТТИК БАГЫТТА ЭФФЕКТИВДҮҮ ПАЙДАЛАНУУ

Авторы

  • Рахима Тохтоназаровна Умарова

Ключевые слова:

Археологиялык эстеликтер, маданий мурастар, туризм, экономикалык өнүгүү, инфраструктура, реставрация, маалыматтык технологиялар, туристтерди тартуу, тарыхый мурастар, эстеликтерди сактоо, жергиликтүү катышуу, туристтик потенциал, эл аралык тажрыйба

Аннотация

Археологиялык эстеликтер – бул маданий мурастын маанилүү бөлүгү болуп, алардын туристтик потенциалын туура пайдалануу өлкөнүн экономикасын жана маданий тармагын өнүктүрүрөт. Алар туризмдин уникалдуу ресурсу болуп, өлкөнүн экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө чоң салым кошо алат. Кыргызстандагы бай тарыхый мурастар туристтерди тартуунун негизги факторлорунун бири болуп саналат. Бирок бул эстеликтерди эффективдүү пайдалануу үчүн аларды изилдөө, сактоо, реставрациялоо жана заманбап туристтик инфраструктура менен камсыз кылуу зарыл. Бул иште археологиялык эстеликтерди туристтик багытта эффективдүү пайдалануу жолдору талданды. Башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбалары каралып, заманбап ыкмалар сунушталды. Эстеликтердин баалуулугун сактоо менен бирге, туристтерди тартуу максатында инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды пайдалануу жана жергиликтүү калктын катышуусун камсыз кылуу сунуштары берилет. Мындан тышкары, эстеликтердин жайгашкан жерин, тарыхый маанисин жана эстетикалык өзгөчөлүктөрүн натыйжалуу пайдалануунун стратегиялары изилденди. Бул иш-чаралар өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатуу жана маданий мурастарды кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган.

Библиографические ссылки

Абрасулов С.Ж.Потенциалы возможности и тенденции развитие туризма в Кыргызстане. Б., 2001.

Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу боюнча 2015–2020-жылдарга карата концепция.

Бернштам.А.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер. Б., 2004.

Бегалиева А.С. Сохранение уникального культурного наследия – атрибут успеха туризма 2011. Научный журнал “Вопросы истории Кыргызстана”, №2.

Кыргыздардын маданий мурастары. Б., 2019.

Комиссаров В.А., Йен Клейтор. Основные проблемы туристической отрасли Кыргызстана. / Сборник Туризм Кыргызстана, №6. - Бишкек, 2011.

Низамиев А.Г. Туризм Кыргызстана: социально экономическое аспекты Ош., 2005

Загрузки

Опубликован

2025-08-20