ЖАНЫБЕК КАЗЫНЫН “БАСМАЧЫЛЫК”КЫЙМЫЛДАГЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ (Архивдик материалдардын негизинде)

Авторы

  • Мырзабаева Нуржамал Сасалимовна

Ключевые слова:

басмачы, корбашы, казы, мусулман, совет бийлиги

Аннотация

Макалада Жаныбек казы Сагынбаевдин өмүр жолу, ишмердүүлүгү, жандоочулары, дин өкүлү, уруу башчысы болгондугу расмий материалдарда берилет. Ал Совет бийлигине каршы чыгып, басмачылар кыймылын уюштуруучулардан болгон. Өзгөндөгү басмачылык кыймылды Жаныбек казы жетектеп жана башка мурунку корбашылары менен улутчулдук мүнөздөгү үгүт иштерин жүргүзүшкөн. Алар 1924-жылы Орто Азия элдерин улуттук тиешеси боюнча мамлекеттик түзүлүштөргө бөлүштүрүүдөгү катачылыктарды байкашкан. Улуттук тиешеси боюнча мамлекеттик түзүлүштөргө бөлүштүрүүгө каршылыктарынын себеби, алардын максатында ислам динин туткандарды бир эл болууга үндөшкөн. Ошондой эле Жаныбек казынын Борбордук Азиядагы Совет бийлигине каршы айлампалар жана чет өлкөдө жүргөн басмачылык кыймылдын башчылары менен болгон байланышы маалымдалат. Жаныбек казынын өзүн коргоо максатында чет элге журт которгондугу да далилдүү берилет.Изилдөө учурунда архивдик маалыматтарда басмачылык күрөш азыркы Алай-Гүлчө, Совет жана Өзгөн райондору боюнча чагылдырылган. Жаныбек казы өз доорунун чыгаан инсаны катары кыргыз тарых барактарында татыктуу орун ээлегендиги изилдөөгө алынды.

Библиографические ссылки

Салижан Жигитов. Жаныбек казыга тиешелуу кеп сездер //»Жаныбек казы» фонду.

Ишенбай Абдразаков «Ишеним үчүн күрөшкөн « //»Жаныбек казы « фонду.

Кыргыз ССР Совет Министрлигинин алдындагы КГБда сакталуучу архив иштери 1393(том 2,3 и 4) жана ОП-II-I2а (томII).

Справка по материалам на Джаныбек казы С.инвентарь № 551 на 117л.№ 9296 от 2.08.71г.С.1.

Кыргыз-Туусу гезити//2010. Калкан Керималиевдин «Жаныбек казынын даңазасы Ат-Башыга да тараган.

Справка по материалам на Джаныбека казы С. Инвентар №552 на 41л.№ 6268 от 28.06.72г.С.13

Справка по материалам на Джаныбека казы С. Инвентар №552 на 41л.№ 6268 от 28.06.72г.С.24

Музипов Г. Справка по мат. Дж.казы. ИН № 552-С.85 УКГБ по Ошской обл. Кырг. ССР

Загрузки

Опубликован

2025-08-20