ТҮШТҮК КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 1916-Ж. КӨТӨРҮЛҮШТҮН БАШТАЛЫШЫ ЖАНА АНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ

Авторы

  • Шейшеканов Турдубек

Ключевые слова:

көтөрүлүш, өбөлгөлөр, себептер, шылтоо, согуш, келгиндер, жетекчилер

Аннотация

Макалада 1916-жылдагы Түштүк Кыргызстандагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн башталышы жана андагы көтөрүлүштүн жетекчилери илимий жактан изилдөөгө алынган. Көтөрүлүштүн келип чыгуусундагы тарыхый өбөлгөлөр, себептер жана шылтоолор тарыхый булактардын негизинде ачылып көрсөтүлгөн. Көтөрүлүштүн өбөлгөлөрүнүн катарында Орусия падышачылыгынын аймактагы ишке ашырган оторчулук саясаты, анын ичиндеги жергиликтүү калктын өз жерлеринен ажырашы, ал жерлерге келгин калктын келип жайгашуусу, бийликтин орусташтыруу сасатынын күч алышы изилденген. Ошондой эле, көтөрүлүштүн себептери, анын ичинде биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен жергиликтүү элдин жашоо- турмушунун оорлошу, салыктын түрлөрүнүн көбөйүшү макалада тарыхый фактыларды көрсөтүү менен чагылдырылган. Көтөрүлүштүн шылтоосу болуп, Орус падышасынын 1916-жылдын 25-июнундагы жергиликтүү калкты оорук жумуштарына алуу боюнча чыгарган Жарлыгы болгондугу көрсөтүлгөн. Кожентте башталып, тез арада азыркы Түштүк Кыргызстандын аймагына жайылган. Түштүк Кыргызстанда башталган көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчү эл массасы болгон, көтөрүлүштүн башында болуштуктарда жашаган жергиликтүү калктын эр азаматтары турушкан. Түштүк Кыргызстандын аймагына кирген баардык уезддердеги болуштуктарда көтөрүлүш катталган. Бирок, эркиндикти самаган Түштүк Кыргызстандагы калктын боштондук көтөрүлүшү, орус падышасынын жазалоочу аскерлери тарабынан басылган.

Библиографические ссылки

Восстание 1916 года в Средней Азии и Казахстане: Сб. док. М.: Изд-во АН СССР, 1960, с.25.

Абдрахманов. Ж. Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө. Үркүн, Бишкек, 1993, 36-б.

Аминов А., Бабаходжаев А. Экономические и политические последствия присоединения Средней Азии к России. Т., 1966, с .74.

ЦГА РУз. ф.1, оп.31, д. 1132, л.12.

ЦГА РУз. ф.1, оп.31, д. 1132, л.162.

Усенбаев. К. Восстание 1916 г. в Киргизии, Ф.1967, 158-б

ЦГА РУз. ф. оп. 31, д. 32, л.58-59.

ЦГА РУз. ф.1, оп 31, д. 1132, л.158.

Усенбаев. К. Восстание 1916 года в Киргизии. Ф. 1967. с.160.

Усенбаев. К. Восстание 1916 года в Киргизии. Ф. 1967. с. 48, 147-49, 172-173.

ЦГА РУз. Ф.276, оп.1, д. 151, л. 64.

ЦГА РУз. ф. кпт. 11, д.1332, л. 36., Т.Касымбеков. Кыргын: Тарыхый роман. - Б., ААК “Акыл”, “Бийиктик,” 2004, 160-б.

Дж. Меджитов. Восстание киргизов в 1916 году. КР УИА кол жазмалар фонду. Инв.№137, л.120-121.

Ош шаарынын тургуну Ахмедалы Разахуновдун (1889-ж. туулган) эскерүүсү //1916-жылкы Кыргызстандагы көтөрүлүш. – Б., 1996. – 317-319-б.б.

Восстание 1916 года. Документы и материалы. – Б., 2015. –с.14.

Дж. Меджитов. Восстание киргизов в 1916 году. КР УИА кол жазмалар фонду. Инв.№137, л.120-121.

ЦГА РУз. ф.1 оп, 31, д. 1132, л.95.

Усенбаев. К. Восстание 1916 года в Киргизии. Ф. 1967. с. 162.

ЦГА РУз, ф.1, оп.31, д. 1132, л.52.

ЦГА РУз, ф.1, оп.31, д. 1132, л.154.

ЦГА РУз, ф.1, оп.31, д. 1132, л.155.

ЦГА РУз, ф.1, оп.31, д. 1132, л. 153-155.

ЦГА РУз, ф.1, оп.31, д. 1132, л. 153-155.

ЦГА РУз, ф.1, оп.31, д. 1132, л. 54.

ЦГА РУз, ф.19, оп.2, д.153, л. 7, 8 .

КР УИА кол жазмалар кору. Инв. № 1519(б), 82-84-б.б.

Ошондо эле, 23-28,33-б.б.

Анарбекова В. Улуттук-боштондук көтөрүлүш: кошоктор жана азаттык идеясы // Илимий эмгектер. Монографиялар. Эскерүүлөр. 1-китеп.Б.: “ Кут-Бер”, 2016, 504-б.

Ошондо эле, 505-б.

ЦГА КР, ф.1, д. 1133, л.190-191.

КР УИА кол жазмалар кору. Инв. № 1519(б), 34-64-б.б.

Ошондо эле, 2-8, 10-17, 65-84 - б.б.

Восстание 1916 года в Средней Азии и Казакстане: сборник документов. М., 1960, с. 6.

Восстание 1916 года. Сб. док. и материалов. Бишкек, 2016, с. 193-194.

ЦГИА РФ. ф. 102, оп. 246, д.365, л.165., “ Имею честь донести...” Семиреченские события 1916 года в документах Верненского розыскного пункта. Сб. док./ фонд Санжарбека Даниярова./ Бишкек.: 2024, с. 231.

Загрузки

Опубликован

2025-08-20