ОШ ОБЛУСУНУН КАЛКЫНЫН ДЕМОГРАФИЯЛЫК ТҮЗҮМҮ: ТЕНДЕНЦИЯЛАР ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨР

Авторы

  • Айнагул Тешебаевна Абдувапова

Ключевые слова:

демографиялык өткөөл мезгил, улгайган адамдар, курак структурасы, миграция, ички,тышкы миграция.

Аннотация

Ош облусу Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан, калкынын саны боюнча өлкөдөгү эң маанилүү аймактардын бири болуп саналат. Ош облусунун калкынын демографиялык түзүмүн изилдөө, аймактагы социалдык, экономикалык жана маданий өзгөрүүлөрдү түшүнүүгө жардам берет. Бул макала Ош облусунун калкынын санын, анын жыныс жана жаш
курагы боюнча бөлүнүшүн, миграция процесстерин, калктын жайгашуудагы тенденциялары талданды. Ош облусундагы калктын санынын өсүшү акыркы он жылдыкта бир топ жогорулаган, бирок ал демографиялык көйгөйлөрдү да жараткан. Калктын санынын өсүшү аймактагы инфраструктура, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системаларына таасирин тийгизип, бул багыттарда бир топ көйгөйлөрдү жаратууда. Ошондой эле, калк менен байланышкан башка маселелер, мисалы, жумушсуздук, агрардык сектордун абалы, айылдык жана шаардык калк ортосундагы айырмачылыктар, билим берүү жана медициналык кызматтардын жетишсиздиги – булардын бардыгы аймактагы демографиялык көйгөйлөргө түздөн-түз таа-сир этет. Ош облусунда жаш өспүрүмдөрдүн жана эмгекке жарамдуу жаштагы калктын саны артып жатат. Бул демографикалык өзгөчөлүк, аймактагы жумушчу күчүнүн көптүгү менен байланыштуу, бирок, ошол эле учурда, жумушсуздук көйгөйүн да күчөтөт. Эмгек миграциясы, айрыкча, жаш муундун чет өлкөлөргө иштегени кетиши, аймактын экономикасына жана социалдык чөйрөсүнө терс таасирин тийгизүүдө. Өлкөнүн башка аймактарына жана чет өл- көлөргө чыкан калк, жергиликтүү экономиканын негизги секторлорунан – айыл чарбасынан, мал чарбасынан жана эмгек күчүнүн кетишине алып келет. Аймактагы демографиялық көйгөйлөрдү чечүү үчүн, биринчи кезекте, калктын санынын өсүшү менен байланышы бар социалдык маселелерди чечүү зарыл. Аларды чечүү үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүүгө жана жумуш орундарынын санын арттырууга багытталган саясаттарды иштеп чыгуу керек. 

Библиографические ссылки

АНАЛИЗ ДЕМОГРАФИЧЕСКОЙ СИТУАЦИИ В КЫРГЫЗСТАНЕ: ОБНОВЛЕНИЕ 2020 г. Фонда ООН в области народонаселения. © ЮНФПА 2021.

Перепись населения и жилищного фонда Кыргызской Республики 2022 года: Книга III в таблицах: Регионы Кыргызской Республики: Ошская область. – Б.:2023 г. – 141 с. ISBN 978-9967-9512-4-2

Перепись населения и жилищного фонда Кыргызской Республики 2009 года: Книга III в таблицах: Регионы Кыргызской Республики: Ошская область. – Б.:2010 г.

Жоошбекова А.Р., Абдувапова А.Т. Азыркы мезгилдеги Кыргызстандын түштүгүндөгү этнодемографиялык жүрүмдөр.–Бишкек 2023.-219 б.

Ош облусунун социалдык-экономикалык абалы. Ош-2023 г.

Ош облусунун социалдык-экономикалык абалы. Ош-2024 г.

Кыргызстан кенейтилген миграциялык профиль 2015–2018-жж. – Бишкек 2019-ж

Загрузки

Опубликован

2025-08-20