ЫЙЫК ЖАЙЛАР ЖАНА КЫРГЫЗДАРДЫН ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ МУРАСЫ (Талас облусунун мисалында) Усубалиева Айнура Садановна
Ключевые слова:
ыйык жерлер, мазарлар, зыярат кылуу, Манас атанын күмбөзү, булактар, маданий мурастар.Аннотация
Бул макалада кыргыз элинин анын ичинде Талас облусунда ыйык деп сакталган тарыхый жана руханий обьекттери жөнүндө маалымат берилет. Кыргыз элинин дүйнө таанымында ыйык жайлар, тоолор, таштар, күмбөздөр, үңкүрлөр, дарактар, петроглифтер жана мазарлар өзгөчө чоң мааниге ээ болгон. Булардын ар бири кыргыз элинин руханий ишенимдери, салт-санаасы жана тарыхы менен тыгыз байланыштуу болуп, бүгүнкү күндө да бул обьекттердин көбү сыйынуучу жана зыярат кылуучу жайлар катары сакталып келет. Кыргыз элинин табиятка болгон сый-урматы жана ыйык жайларды жана обьекттерди сактоо салттары да изилденип, бул мурастарды коргоонун маанилүүлүгү баса белгиленет. Алардын ыйыктыгы ата-бабалардын рухуна болгон сый-урмат жана табият менен болгон байланыш аркылуу да түшүндүрүлөт. Айрым жерлерде бул тарыхый эстеликтер диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүчү ыйык жайлар катары сакталып келген. Бүгүнкү күндө бул мурастар маданий жана туристтик мааниге ээ болуп, кыргыз элинин тарыхын, руханий дүйнөсүн жана байыркы доорлордон калган билимдерин чагылдыруучу маанилүү тарыхый булак катары корголуп жатканы каралат. Макалада алардын руханий мааниси жана тарыхый ролу талдоого алынат.
Библиографические ссылки
Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи / авт. вступ. ст. С.Т. Табышалиев.Ф.: Кыргызстан, 1990.
Акышев Т., Жуманалиев А. Кут конгон “Манас Ордо”. – Б.: “Шам”, 2005.-264б.
Аргынбаев Х.А. Казак халкындагы семья мен неке. Алматы, Галым -1973.-328 б.
Басаева К.Д. Семья и брак у бурят (XIX-начало XX века). Новосибиркий: Наука.- 1980. -225с.
Карасаев Х. Накыл сөздөр.-Б., 1995. 435-б.
Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде. – Б.: 2010. 508 б.
Павличенко З.Ю. Исторические судьбы объектов почитания кыргызов // Электронный научный архив УрФУ [Электронный ресурс]. https://elar.urfu.ru/bitstream/10995/83879/1/978-5-321-02538-3_2017_061.pdf
Талас жергесиндеги кылым карыткан мазарлар / “Айгине” маданий-изилдөө борбору.-Б.:2005. – 80б.
Усубалиева А.С. Адам жашоосуна байланыштуу каада-салттар. –Б.: 2016. – 164 б.
Худяков Ю.С., Табалдиев К.Ш. Материалы и исследования по археологии Кыргызстана // Изучение наскальных рисунков на местонахождении КараТоо в 1993 году. Вып. 4. Бишкек: Илим, 2009.Маалымат берүүчүлөрдүн тизмеси:
Нурунбетов Тургунбек, 78 жашта, Талас району, Арал айылы.
Байбачаева Света, 61 жашта, Талас шаары.