XVIII К. орт. – XIX К. ОРТОСУНА ЧЕЙИНКИ ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮН БАШКАРГАН УРУУ БАШЧЫЛАР
Ключевые слова:
XVIII–XIX кылымдар, кыргыз уруулары, бийлер, Жумгал өрөөнү, санжыра, саяк уруусуАннотация
Бул макалада XVIII кылымдын ортосундагы Жуңгар хандыгынын кулашынан кийинки Теңир-Тоодо жайгашкан кыргыз урууларынын, анын ичинде Жумгал өрөөнүн ээлеген чекир-саяк уруусунун саясий тарыхы баяндалат. Автор бир катар жазма жана оозеки булактардын негизинде Жуңгар доорунан кийинки «көз карандысыз кылымдагы», башкача айтканда XIX кылымдын ортосунда орустар келгенге чейинки Жумгал өрөөнүнүн калкын башкарган бийлердин аты-жөнүн жана алардын туугандык байланыштарын изилдейт. Натыйжада автор Жумгал жана Ак-Талаа аймагын ээлеген чекир-саяк уруусунун көбүнчө учурда үч урукка, кийин төрт урукка бөлүнгөнүн жана алардын ар биринин өз башчылары чыга турган аксөөк тукуму болгондугун ырастаган жыйынтыкка келет. Мисалы, Жумгал өрөөнүндө жашаган кулжыгач уругун Түлкү баатырдын урпактары (Кедей, Качыке, Эраалы, Түлөөкө бийлер) башкарып келсе, ал эми курманкожо уругун Жакшыбайдын урпактары (Шербек, Келдибек, Нусуп, Медет, Дуулат бийлер) башкарып келишкен.
Библиографические ссылки
Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер / котор. С.Мамбеталиев ж.б. – Бишкек: Кыргызстан, 1999.
Алп Тобоок, Шабдан казалы, Жети эрдин өлүмү/ түз. А. Акматалиев ж.б. – Бишкек, 2002.
Алымбеков Т. Кокон хандыгына чейинки кыргыздардын турмушу жөнүндө. КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв. №1454.
Андреев И.Г. Описание средней орды киргиз-кайсаков. Часть I. – Алматы: Гылым, 1998.
Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: Очерки истории и быта населения Западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической географии. Бишкек: Илим, 2001.
Валиханов Ч. Собрание сочинений в пяти томах . Том 2. – Алма-Ата, 1985.
Валиханов Ч. Собрание сочинений в пяти томах . Том 3. – Алма-Ата, 1985.
Валиханов Ч. Собрание сочинений в пяти томах . Том 4. – Алма-Ата, 1985.
Дай цин личао шилу// Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. (Б.з.ч. II к. – XVII к. кытай булактарынан үзүндүлөрI) / Түз. К.Жусаев, А.Мокеев, Д.Сапаралиев. II т. – Бишкек, 2003.
Мусулманкулов М. Осмон баатыр. 1947. КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв.№163 (376).
Пиндин чжунгээр фанлюэ // Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. (Б.з.ч. II к. – XVII к. кытай булактарынан үзүндүлөрI). II т. / Түз. К.Жусаев, А.Мокеев, Д.Сапаралиев. – Бишкек, 2003.
Сапаралиев Д.Б. Бишкек жана Пишбек баатыр: тарыхый даректер менен уламышта. Тарыхый изилдөө. 2-бас. – Бишкек, 2021.
Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы: Тарыхый очерктер / ред. Ж.Жапиев. 1-китеп. – Бишкек: Учкун, 1993.
Супруненко Г.П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII – начала XIX вв. – Фрунзе, 1975. Рукописный фонд НАН КР.
Термечиков А. Кыргыздар (Кыргыздардын урууларга бөлүнүшү) / жазган: Ы.Абдрахманов. 1944-ж. // КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв. №319 (116).
Тоголок Молдо. Тарых, түпкү аталар // Кыргыз санжырасы. Башкы ред. К. Жусупов ж.б. – Бишкек, 1994.
Ханзу жазмаларындагы кыргыздар / Түз. Мамбеттурду Мамбетакун. – Үрүмчү, 2004.