БАБАЛАР БАСКАН ТАТААЛ ЖОЛ
Ключевые слова:
мамлекет, кыргыздар, көз карансыздык, автономия, эгемендүүлүк, бабаларАннотация
Кыргыздар, анын чыгаан айдыңдары эчендеген кылымдар эркиндик, көз карансыздык үчүн күрөштө бир канча жолу өз мамлекетин түзгөндүгүн тарых далилдеп келет. Б.з.ч. гундардын курамында, биздин замандын башындагы Энесай кыргыз кагандыгы, Улуу Кыргыз Дөөлөтү, орто кылымдагы бабаларыбыздын көз карансыздык үчүн аракети, ошондой эле Совет мезгилиндеги мамлекеттүүлүктүн калыптанышы бабаларыбыздын мамлекеттүүлүк үчүн ырааттуу, тынымсыз күрөшү жөнүндө маалымат берет. Көз карансыздык үчүн күрөшкөн чыгаандарыбыз Барсбек, Мухаммед Кыргыз, Эренек, Кубат жана Тагай бийлердин, Совет мезгилинде өз өмүрлөрүн кыргыз эли үчүн эркин мамлекет үчүн арнаган Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев жана башкалардын басып өткөн өмүру жолу, ак кызматтары, кыргызды-кыргыз кылып сактап келген элибиздин мамлекетүүлүктү, көз карансыздыкты бийик туткан улуттук идеясы бар экенинин ачык айкын далили.
Библиографические ссылки
Асанканов А. Кыргызстан тарыхы (байыркы замандан азыркы күнгө чейин). - Бишкек, 2009.
БМА КР. ф 21. оп 2д1
Жуманалиев А. Кыргызстандын саясий өнүгүшү. -Бишкек: Илим, 1994.
Койчуев А. Фергана өрөөнүндөгү улуттук-мамлекеттик ажырым (1924-1927 жж.).-Бишкек, 2001.
Осмонов О., Асанканов А. Кыргызстан тарыхы. -Бишкек, 2003.
Советтик Конституциянын тарыхы. Документтердин жыйнагы (1917-1957 жж.). -Москва: СССРдин ИА, 1958.