МААНИЛҮҮЛҮК ЖАНА ЗАРЫЛДЫК ЖӨНҮНДӨ БОРБОРДУК АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ИНТЕГРАЦИЯСЫ: ТАРЫХЫЙ ЖАНА ГЕОСАЯСИЙ АСПЕКТИЛЕР

Авторы

  • Койчуманова Ч., Усупова Н.

Ключевые слова:

Борбордук Азия, геосаясат, экономика, тарых, интеграция, улуттук коопсуздук

Аннотация

Борбордук Азия аймагынын калкы көп улуттуу: анын аймагында кыргыздар, казактар, өзбектер, тажиктер, түркмөндөр жашашат, алар бири-биринен отурукташкан жерлердин географиялык шарттарына жана тарыхый, антропологиялык, маданий, социалдык, экономикалык, саясий жана башка өзгөчөлүктөрү менен айрымаланышат. Бирок, ошого карабастан, тигил же бул аймакта жашаган элдердин жана уруулардын ар кандай түрлөрүн калыптандыруунун маанилүү элементи болуп маданий-тарыхый бир тектүүлүк саналат бул алардын тилдик, диний, жалпысынан руханий жактан окшоштугуна чоң салым кошот. Экинчи жагынан, белгилүү болгондой, тарыхый оош-кыйыштар жана окуялар тигил же бул даражада Борбордук Азиядагы азыркы кырдаалга, азыркы этапта болуп жаткан процесстерге сөзсүз түрдө таасирин тийгизет. Ушуга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттеринин алдында коопсуздуктун жаңы коркунучтарына каршы туруу жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуунун адекваттуу, эффективдүү системасын тандоо боюнча татаал милдеттер турат. Бул маселени аймактагы бардык мамлекеттердин аракеттерин, жана демилгелерин бириктирүү аркылуу гана чечүүгө болот.

Библиографические ссылки

Казанцев А.А.»Большая игра» с неизвестными правилами: мировая политика и Центральная Азия.-Москва,2008-С.66.

Центральная Азия в международных отношениях: история и современность//articltkz.com/artikle/5106

Кузьмин В.И., Галуша Н.А., Яровой А.Н. Центральная Азия: структура, история, перспективы-М.: Академия военных наук, 2001-С.54.

Суюнбаев М.,Узбеков Д.С. Геополитические особенности Центральной Азии – Бишкек,2018-С.70

Центральная Азия в международных отношениях: история и современность// articltkz.com/artikle/5106

Парамонов В. Формирование геополитической ситуации в Центральной Азии - внешние факторы // Центральная Азия и Кавказ. - 2000. - №1 С.12;

Безопасность Кыргызстана: проблемы и перспективы – Бишкек, 2015. –С 72-73

Загрузки

Опубликован

2025-08-20