КЫРГЫЗДАРДЫН ӨСҮМДҮКТӨРДҮ КААДА-САЛТ ЖАНА ЖӨРӨЛГӨЛӨРДӨ ПАЙДАЛАНУУСУ (Фергана өрөөнүнүн түштүк-батыш чөлкөмүнүн талаа материалдарынын негизинде, ХIХ кылымдын аягы - ХХ кылымдын башы)

Авторы

  • Абдиева А.М., Рысбаева Ж.Т., Назирова К.Б.

Ключевые слова:

: флора, арча өсүмдүгү, каада-салт, күрүч, жөрөлгөлөр, дан эгиндери, элдик ишенимдер.

Аннотация

Бул макалада Фергана өрөөнүнүн түштүк-батыш аймагында жашаган кыргыздардын өсүмдүктөрдү жана табигий заттарды каада-салт жана ырым-жырымдарда колдонуп келгендиги туурасында маалыматтар берилген. Өсүмдүктөрдүн түрлөрү, алардын мааниси жана колдонулушу элдик ишенимдер менен тыгыз байланышта. Кыргыздар турмуштагы түрдүү маанилүү учурларда: келинди көчүрүп келгенде, баланын бешик тойунда, маркумду акыркы сапарга узатууда жана башка жөрөлгөлөрдө өсүмдүктөрдү колдонушкан. Бул өсүмдүктөр аркылуу жакшылыкты, ден соолукту жана ырыскыны тилешкен. Арча, адырашман, буудай, пахта, эрмен, райхан, күрүч жана башка өсүмдүктөргө байланыштуу
ырым-жырымдар, салттар жана жөрөлгөлөр кеңири колдонулуп, белгилүү бир максаттарды көздөгөнү баяндалат. Мисалы, бешик тойдо баланы бөлөп жатканда, куурулган буудай себилип, “буудайдай болуп өссүн” деген тилектер айтылган. Сөөк коюу салтында болсо, жалбыз, райхан, эрмен жана башка өсүмдүктөр менен бөлмөнү жагымдуу жыттандырып, маркумдун жакындарына сабыр тилешип, тырмактарын май сиңирилген пахта менен майлашкан, айлана-чөйрөнү тазалоо үчүн арча менен аласташкан, жараткандан наристе тилеп сүмөлөк кайнатышкан. Жаңы келген келинге жакшы тилек, ырыскы жана бакыт каалоо үчүн дан эгиндери буудай же күрүч чачылган. Аялдарды төрөткө даярдоо учурунда тамак-ашка байланыштуу ырымдар жана жөрөлгөлөр жасалган. Ошондой эле, бул салттар
жана жөрөлгөлөр аймактагы кыргыздардын дүйнө тууралуу түшүнүгүн, табигат менен байланышын айгинелеп, адамдын жашоосун жакшыртууга, жакшылыкка багыттоо максатын көздөп аткарылган..

Библиографические ссылки

Мамбеталиева, К. Быт и культура шахтеров-киргизов каменноугольной промышленности Киргизии. – Фрунзе: Изд-во АН КиргССР, 1963. – 123 с.

Зеланд, Н. Л. Киргизы. этнолог. очерк // Зап. Зап.-Сиб. отд. Императ. географ. о-ва. – Омск, 1885. – Кн. 7, вып. 2.

Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк / түз.: О К. Каратаев, С. Н. Эралиев. - Бишкек: Бийиктик, 2005. – 600 б.

Абрамзон, С. М. Киргизы и их этногенетические и историко- культурные связи. Л.: Наука. 1971. – С.117.

Кайыпов, C. Памир кыргыздарынын тамактануу системасы: ритуал жана турмуш, салт жана жанылануу: этнографиялык изилдөө. – Бишкек: Бийиктик, 2011. – 193 б.

Автордун талаа материалдары

АТМ. Абдиева Бувухамила Турановна, Лейлек району, Самат айылы, 1952-жылы туулган, Бөксө уруусу.

АТМ. Акматова Айша, Баткен району, Кызыл-Жол айылы, 1946-жылы туулган, калдар уруусу.

АТМ. Бекеева Салима, Лейлек району, Раззаков шаары, 1952-жылы туулган, тагайберди уруусу.

АТМ. Жумабаева Омуриниса, Лейлек району, Кара-Камар айылы, 1956-жылы туулган, карамолдо уруусу.

АТМ. Маматова Гүлхан, Лейлек району, Андарак айылы, 1947-жылы туулган, алтынчы уруусу.

АТМ. Масеитов Икмат, Баткен району, Кара-Булак айылы, 1958-жылы туулган, кыпчак уруусу.

АТМ. Нажмидинова Айымсаат, Баткен шаары, 1955-жылы туулган, нойгут уруусу.

АТМ. Садыкова Жамал, Гордой айылы.1967-жылы туулган, Бөксө уруусу.

АТМ. Жунусова Бухава, Кадамжай району, Айрыбаз айылы, 1959-жылы туулган, Сары боо уруусу.

Загрузки

Опубликован

2025-08-20