КЫРГЫЗДАРДАГЫ ЧИЙ ЧЫРМОО ӨНӨРҮ ЖАНА САЛТТУУ БУЮМДАР

Авторы

  • Назира Ишенбековна Султаналиева

Ключевые слова:

боз үй жасалгалары, чий, чий чырмоо, канат чий, эшик чий, орнамент

Аннотация

Чарбанын жаңы формаларына өтүүгө байланыштуу, кол өнөрчүлүктүн тиричиликтеги ролу да өзгөрүлө баштады. Бирок кылымдардан бери муундан муунга, атадан уулга, энесинен кызына өтүп келе жаткан кыргыздардын кол өнөрчүлүкүнүн негизги салттары сакталды. Мындай кыргыз уздарынын колунан жаралган кооздуктардын бири чийден жасалган буюмдар. Чийден жасалуучу жасалгаларына кетчү материалдардын эң негизгиси бул чий. Кыргызстандын дээрлик баардык аймактарында өсөт. Чий суусу аз, кургакчыл, жарым чөлдөрдө өскөн өсүмдүк. Чий кыян түшчү тоолордун этегине, коктулардын ичине өсөт.

 
Көчмөндөрдүн, анын ичинде кыргыздардын көчмөн чарба жүргүзгөн мезгилиндеги негизги
турак-жайы боз үйдүн ички жасалгаларынын негизгиси чий жасалгалары, кол өнөрчүлүктүн
эн сонун үлгүсү. Боз үйдүн чий жасалгаларына канат чий, чыгдан, эшик чий, чыгдан чий жана
төтөгө кирет. Негизинен боз үйдүн чий жасалгалары аты аталып тургандай чий өсүмдүгүнөн
жасалат.

Библиографические ссылки

Акматалиев А. Кыргыздардын уз-усталары.Б.1997.239 -бет.

Акматалиев А. Кыргыздын колдонмо – жасалга өнөрү. Фрунзе, 1989.165-бет

Боз уй кыргыз архитектурасынын башаты// «Эркин Тоо».Б.2006.№6

Информатор: Баялиева Зейнеп Байалиевна. 1944 ж.т. Нарын облусу, Ат – Башы району, Кызыл – Туу айылы. Карасакал уруусу

Информатор: Бектурова Жуман 1937 ж.т. Нарын облусу. Кочкор району. Кара Суу айылы. Моңолдор уруусу

Информатор: Дуйшембиева Эльмира. 1966 ж.т. бугу уруусу. Ысык – көл облусу, Түп району, Талды суу айылы.

Информатор: Жапарова Бактыгул. 1975 ж.т. Ботугур уруусу. Тоң району, Кызыл Туу айылы

Информатор: Кетренова Зияш. 1943 ж.т. Каттаган уруусу. Тоң району, Кызыл Туу айылы.

Информатор: Мамбетказиева Айзат Көчкөнбаевна.1983 ж.т. Нарын облусу, Ат – Башы району, Кызыл – Туу айылы. Карасакал уруусу, бек-тото

Информатор: Рыскелдиева Айгул 1980 ж.т. Тоң району, Кызыл Туу айылы. Асип уруусу

Информатор: Токсонбаева Күлбар. 1959 ж.т. Ботугур, Эшкулу уруусу. Тоң району, Кызыл Туу айылы.

Информатор: Үмөрбеков Куттубек 1968 ж.т. Каттаган уруусу. Тоң району, Кызыл Туу айылы

Информатор: Чекелова Роза. 1950 ж.т. Кызылбек тукуму, токоч уруусу. Ысык – көл облусу, Түп району, Талды суу айылы

Информатор: Касымалиева Гүлжамал. 1956 ж.т. Беш күрөң уруусу.Нарын облусу, Кочкор району, Кара суу айылы

Нусупов.Е.Архитектурные памятники Киргизии.Ф.1971.25 беттер.

Загрузки

Опубликован

2025-08-20