КЫРГЫЗДАРДЫН САЛТТУУ КИЛЕМ ЖАНА КИЛЕМ БУЮМДАРЫН КҮНДӨЛҮК ТУРМУШТА ЖАНА КААДА -САЛТТАРДА КОЛДОНУЛУШУ

Авторы

  • Сатыбалдиева Ч.Т. Султанова М.Ш.

Ключевые слова:

кыргыздар, салттуу килем жана килем буюмдары, көчмөн маданият, килем буюмдарын пайдалануу чөйрөсү, кыз-келиндер, килем, токуу

Аннотация

Бул макалада салттуу килем токуу өнөрү бир нече кылымдардагы кыргыздардын этномаданиятын чагылдырган декоративдик искусствосу катары каралды. Мында салттуу килем жана килем буюмдары кыргыздардын жарым көчмөн турмушунда олуттуу орунду ээлеп, күндөлүк жашоо турмушундагы зарыл буюм катары пайдаланылгандыгы белгиленди.
Килем токуучулуктун өнүгүшүнө көчмөндөрдүн экономикасынын айрым өзгөчөлүктөрү өз таасирин тийгизген. Ал эми жер иштетүүчүлөрдүн килем токуу менен алектенип калышына жердин начар абалы, суунун жетишпей кургакчылык болгон учурда дыйкандардын бир кыйла бөлүгү киреше издеп белгилүү бир кол өнөрчүлүк менен алектенүүгө аргасыз болгон. Килем токуучулуктун өнүгүшүнө аялдардын айыл чарба иштериндеги эмгегинин мүнөзү таасир эткен. Бул учурда кыргыз кыз-келиндери килем жана килем буюмдарын токууга көбүрөөк көңүл бурууга мүмкүнчүлүк алды. Кыргыздар көп убакытка чейин килемдерди сатыкка өндүргөн эмес. Алардын килем жана килем буюмдарынын практикалык мааниси терен болгон. Негизинен жеке үй-тиричилик буюм катары, турак жайды жылуулоочу каражат катарында, аш-тойлордогу салт-санааларда жана ритуалдарда пайдаланышкан.

Библиографические ссылки

Шефер, Э. Ткани [Текст] / Э. Шефер // Культура народов Востока. Золотые персики Самарканда. – М., 1981. – С. 266.

Антипина, К.И. Особенности материальной культуры и прикладного искусства южных киргизов (По материалам, собранным в южной части Ошской области Киргизский ССР) Текст] / К.И. Антипина. – Фрунзе: Изд-во Академии наук Кирг. ССР, 1962. – 288 с.

Гродеков, Н. И. Киргизы и каракиргизы Сырдарьинской области [Текст] / Н. И. Гродеков. Ташкент: Типолитогр. С. И. Лахтина, 1889.

Кисляков, Н. А. Наследование и раздел имущества у народов Средней Азии и Казакстана Текст] / Н. А. Кисляков; отв. ред. Т. А. Жданко, Л. П. Потапов. – Л.: Наука, Ленингр. отд-ние, 1977. –130 с.

Мошкова, В. Г. Ковры народов Средней Азии конца XIX - начала XX веков [Текст]: материалы экспедиций 1929-1945 гг. / В. Г. Мошкова; Обработка доп. и подгот. к печати А. С. Морозовой; Ин-т искусствознания им. Хамзы Хаким-заде Ниязи М-ва культуры УзССР. – Ташкент: Фан, 1970. – 254 с.

Симаков, Г. Н. Общественные функции киргизских народных развлечений в конце ХIХ-начале ХХ в. [Текст] / Г. Н. Симаков. – Л.: Наука, 1984. – 229 с.

Маалымат берүүчүлөр:

Мураталиева Бүсажида чебер 60 жашта, Кулунду айылы, ават уруусу

Орунбаева Айымпаша чебер 60 жашта, Ак арык айылы, тейит уруусу

Айжигитова Марал чебер 97 жашта, Маргун айылы, чапкылдык уруусу

Жалилова Салия 85 жашта (82 жашына чейин килем соккон) Маргун айылы, чапкылдык уруусу

Эргешова Ташкан пенсионер, 90 жашта Каранай айылы канды уруусу

Загрузки

Опубликован

2025-08-20