“БОЛЬШОЙ АЛТАЙ” ЭЛ АРАЛЫК ЭТНОГРАФИЯЛЫК ЭКСПЕДИЦИЯСЫНЫН АЛКАГЫНДАГЫ ТООЛУУ АЛТАЙДАГЫ АЛТАЙЛЫКТАРДЫН САЛТТУУ МАДАНИЯТЫН ИЗИЛДӨӨ
Ключевые слова:
этнография,экспедиция,Алтай,салттуу маданият, айыл, эл, тамак, эт тартуу, конок, той, жандыкАннотация
Бул макала “Большой Алтай” Эл аралык этнографиялык экспедициясынын алкагында Тоолуу Алтайлыктардын сакталып калган салттуу маданиятын изилдөөдөгү жыйналган материалдардын негизинде жазылды. Бул изилдөөлөргө Россиянын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын этнографтары катышты. Этнографиялык экспедициянын жүрүшүндө салттуу мал чарбачылыгы, материалдык жана руханий маданият боюнча балуу материалдар жыйналды. Алтай элинин салттуу маданиятындагы каада-салттары, ырым-жырымдары, ишенимдери, тыюуларына көңүл бурулат. Алардын каадаалтына ылайык, конок күтүү аземинде өзгөчө ыкма менен мал союп, этин бышырып, келген конокторго
тартуунун шарттарын жана эрежелерин жөнүндө баяндалат. Тойго келген конокторду жана куда күтүүдөгү тамак-аш тартуу салтындагы өзгөчөлүктөрдүн сакталышы ачып көрсөтүлөт. Макалада алдыга коюлган максат алтайлыктар менен кыргыздардын салтуу маданиятындагы айрым жалпылыктарды жана айырмачылыктарды салыштырып, анализдөө болуп саналат.
Библиографические ссылки
Этнографический атлас Республики Алтай. Горно- Алтайск, 2022. 34-б.
Потапов Л.П. Пища алтайцев (Этнографический очерк. Сборник музея антропологии и этнографии. –Т.14.-М., 1953. 63-б.
Ойношев В.П. Традиционная пища алтайцев. Горно-Алтайск. - 2024. 32-б
Мурзакметов А.К. Кыргыздардын көөнө ишенимдери жана тыюулары.-Ош,2014. 119-б.
Ойношев В.П. Көрсөтүлгөн адабият 36-б.
Маалымат берүүчүлөрдүн тизмеси:
Тойпинова Мария Васильевна - Онгудай району, Инегень ( Энекин ) айылы 1956 жылы туулган, уруусу (сөөк) Чарка, Жети-Сары.
Казатов Николай Михайлович -Онгудай району, Инеген (Энекин ) айылы, 1961 жылы туулган, уруусу (сөөк) –Дөөлөс.
Тадышева Магдалина – Улаган району, Улаган айылы, 84 жашта, уруусу (сөөк) Дөөлөс.
Енчинов Эркин Валериевич Тоолуу Алтайдагы С.С.Суразаков атындагы алтаистика илимий изилдөө институнун улук илимий кызматкери,тарых илимдеринин кандидаты.