САЛТТУУ КЫРГЫЗ ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨ 3 - 7 ЖАШ КУРАКТАГЫ БАЛДАРГА ТАРБИЯ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ (ТҮШТҮК-БАТЫШ ФЕРГАНА ӨРӨӨНҮНҮН МИСАЛЫНДА)

Авторы

  • Самара Курбаналиевна Осмонова

Ключевые слова:

тарбия, эмгек, жаш курак, каада-салт, тажрыйба, үй-бүлө, муун, адеп.

Аннотация

Бул макалада этнографиялык талаа материалдардын жана булактардын негизинде салттуу кыргыз үй-бүлөсүндө балдарды 3 жаштан 7 жашка чейинки тарбия берүү системасы каралган. Көп кылымдык салттарга жана баалуулуктарга негизделген бул тарбия системасы, муундан муунга өтүп келген. Бул курактагы мезгил баланын негизги көндүмдөрүн, инсандык жана социалдык жүрүм-турумун калыптандырууда өтө маанилүү деп эсептелген. Кыргыз үй-бүлөсүндөгү балдарды тарбиялоонун салттуу системасы этностук турмуштун өзгөчөлүгү менен, элдин этно-социалдык нормасы жана өзгөчөлүктөрү менен, үй-бүлөлүк жана коомдук турмушу менен тыгыз байланышкан. Муундардын жамааттык
чыгармачылыгынын үзүрү, узак убакыт бою топтолгон балдарды тарбиялоонун салттуу системасынын тажрыйбасы, ал баланын инсандыгын калыптандыруу жана аны белгилүү бир коомдогу жашоого ыңгайлаштыруу ыкмаларын камтыйт. Жаштарды тарбиялоонун, социалдаштыруу ыкмалары бала төрөлгөндөй эле жаңы, бирок ошол эле мезгилде адамзат
кандай байыркы болсо, ошончолук эски. Маданияттын жана илимдин жетишкендиктери канчалык өнүккөн болбосун, тарбиялоо түбөлүктүү системасы болуп келген жана боло берет: жаш муундарды курчап турган дүйнөнү өздөштүрүшкөн, өздөштүрүшөт жана бул жүрүм үзгүлтүксүз, коомго кирип, курчап турган дүйнөгө жана коомго кошулат.

Библиографические ссылки

Абдуллаев М., Кийизбаев М., Акматов Ч. Улуттук оюндар. Б. 2011. - 361 б.

Выготский Л.С. Психология развития ребенка. М. 2004. – 512 с.

Миңбаев К. Курак жана педагогикалык психология. Ош. 1995-ж. 166 б.

Пиаже, Ж. Психология интеллекта. — СПб.: Питер, 2004. — 192 с.

Эриксон, Э. Детство и общество. СПб.: Питер, 1996. – 592 с.

Загрузки

Опубликован

2025-08-20