ХХ КЫЛЫМДЫН БИРИНЧИ ЖАРЫМЫНДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨГҮ ТУРУКТУУ ТУРАК ЖАЙДЫН ФЕРГАНА ТҮРҮ
Ключевые слова:
Фергана өрөөнү, кыргыздар, турак жай, үй-там, “пакса”, “сынч”, “кыш”, “пешайван”.Аннотация
Макалада ХХ кылымдын биринчи жарымындагы Кыргызстандын түштүгүндө кеңири таралган Фергана тибиндеги туруктуу турак-жайлар каралат. Турак жайдын бул түрүнүн архитектуралык-пландоо өзгөчөлүктөрүнө, анын аймактын табигый-климаттык шарттарына ыңгайлашуусуна жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн таасири астында трансформацияланышына өзгөчө көңүл бурулат. Изилдөө тарыхый-этнографиялык материалдарга, архивдик документтерге жана талаа изилдөөлөрүнө негизделген. Турак жайлардын уникалдуу архитектуралык көрүнүшүнүн калыптанышына отурукташкан дыйканчылыктын салттарынын жана маданияттар аралык өз ара байланыштын таасири талдоого алынган. Фергана тибиндеги турак-жайлар күнүмдүк турмуштун функционалдык формасы гана эмес, ошол эле мезгилде Кыргызстандын түштүк аймактарынын этностук өзгөчөлүгүн жана тарыхый өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн чагылдырган аймактын маданий мурасынын маанилүү элементи болуп саналат. Ошондой эле, макалада Кыргызстандын түштүгүндөгү фергана тибиндеги туруктуу там үйлөрдүн курулушу жана интерьери жөнүндө да сөз жүрөт.
Библиографические ссылки
Антипина, К.И. Особенности материальной культуры и прикладного искусства южных
киргизов. По материалам, собр. в юж. части Ош. обл. [Текст] / К.И. Антипина. – Фрунзе: Изд-во АН КиргССР, 1962. – 288 с.
Воронина, В.Л. Народные традиции архитектуры Узбекистана [Текст] / В.Л. Воронина.– М.: Гос. Изд-во архитектуры и градостроительства 1951.– 167 с.
К. Мамбеталиева. – Жилище и жилищнобытовые условия рабочих Кыргызстана. [Текст] / К. Мамбеталиева. – Бишкек, 2007. – 123с.
Лялина, М.А. Путешествие по Туркестану Н.А. Северцова и А.П. Федченко [Текст] / М.А. Лялина. – СПб.: Изд. А.Ф. Девриена, 1894. – 87, XVI, 267 с.
Маалыматчылардын тизмеси:
Омошова Фарида, 1965 - ж. т., Ош обл., Зарбалик айылы., уруусу жоош.
Омошов Садирдин, 1935 - ж. т., Ош обл., Зарбалик айылы., уруусу жоош.
Молдорозов Батырбек, 1970- ж. т., Ош обл., Дароот-Коргон айылы., уруусу найман.
Сидиков Хабибилло, 1960 - ж. т., Ош обл., Араван айылы.