ТУУГАНЧЫЛЫК ТЕРМИНДЕРДИН ИЗИЛДЕНИШИНДЕ АКАДЕМИК Б. Ө. ОРУЗБАЕВАНЫН РОЛУ
Ключевые слова:
тыбыштык түзүлүш, тектеш тилдер, тууганчылык терминдер, этимология, түркология, тарыхый жаралууАннотация
Макалада академик Б. Орузбаеванын кыргыз тил илиминдеги тууганчылыкка байланыштуу терминдердин этимологиясын түшүндүрүү аркылуу алардын тыбыштык түзүлүшүн типтерге ажыратып көрсөткөндүгү, пикирлери анализге алынды. Окумуштуу терминдердин алгачкы тыбыштык өзгөчөлүгү жана тектеш тилдерде кандай колдонулгандыгы, бүгүнкү күндө кандай тыбыштык өзгөчөлүккө ээ экендигин анализге алуу менен тилдердин тарыхый жаралуусун, өнүгүү процессин жана тарыхый себептерин ачып бере алгандыгы жөнүндө сөз болду. Б. Орузбаеванын изилдөөлөрү түздөн-түз тууганчылык терминдерине багытталбаганы менен анын эмгектеринде тууганчылыкка байланыштуу сөздөр жөн гана мисалга алынбастан, анын этимологиясы кошо берилүү менен анализденген. Бул айтылган маселелер Орузбаеванын этимология маселесине кайдыгер эместиги, ошол багыт боюнча изилдөөлөрдүн болушу зарыл маселе экендигинен кабар берет.
Библиографические ссылки
Алишова И. К. Тектеш эмес тилдердеги тууганчылык сөздөрдүн этимологиясы. Канд. дисс. автореф. – Б., 2024.
Большой академический монгольско-русский словарь. – М., 2001
Котвич В. Исследования по алтайским языкам. – М., 1962
Машрабов А.А. Тууганчылык терминдерине ономасиологиялык илик. – Б., 2017
Мусаев К.М. Лексика тюркских языков в сравнительном освещении. – М., 1975,
Орузбаева Б. Сөз курамы.- Б., 2000
Покровская И.А. “Термины родства в тюркских языках. Историческая развития лексики тюркских языков”. – М., 1961, 648
Севортян Э.В. Этимологический словарь тюркских языков. – М., 1997
Сейдакматов К. Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сөздүгү. – Ф., 1988
Хаджилаев Х. Очерки карчаево-балкарской лексикологии. – Черкесск 1970,
Русско-карачаево-балкарский словарь. – М.1965.