ЭЛДИК МУЗЫКАЛЫК АТКАРУУЧУЛУК ӨНӨР МУРАСЫНЫН ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ БААЛУУЛУГУ
Ключевые слова:
элдик музыкалык аткаруучулук,музыкалык мурас, салттуулук, фольклор, заманбап музыка, этнография, тарыхый-маданий, академиялык аткаруучулук, кесиптик.Аннотация
Бүгүнкү күндө, элдик музыкалык аткаруучулук өнөрүнүн байыртадан бери нечен кылымдарды арытып, эл ичинде салт катары сакталып, бир муундан экинчи муунга өтүп келе жаткандыгы жалпы коомчулукка белгилүү. Макалада, элдик музыкалык аткаруучулук өнөрүнүн учурдагы абалы, жаш муундардын аны кабылдоосу жана ага болгон мамилеси каралат. Элдик музыкалык аткаруучулук өнөрүнүн салттуулугуна, бүгүнкү мезгилдеги заманбап музыка чөйрөсүнүн тийгизген терс таасири баса көрсөтүлөт. Элдик музыкалык аткаруучулук өнөрүнүн салттуулугунун сакталышы жана аны өнүктүрүү маселелери белгиленет. Макалада ошондой эле, элдик музыкалык аткаруучулугунун илимий багытта изилдөө иштеринин жүргүзүлүүсү абдан орчундуу маселелерден болуп эсептелгендиги айтылат. Элдик музыкалык аткаруучулук өнөрү кыргыздардын тарыхый-маданий мурасы катары эсептелүү менен, анын баалуулугу айтылат.
Библиографические ссылки
Уметалиева-Бегалиева Ч. Т. Кыргыздардын этногенезиси: музыка таануучулук аспект. Тарыхый-маданият таануучулук изилдөө. – Б.: 2008. – 156 б.
Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Түзг.: Ө. Караев. Котор.: С. Мамбеталиев, Д. Сулайманкулов, С. Макенов. 2-бас. – Б.: 2013. – 896 б.
Каныметов Э. Ж., Жакыпов К. К. Музыканын онтологиялык өңүттөрү жана салттуу музыканын баалуулугу. – Б.: “Кыргыз Республикасынын УИАнын кабарлары”, илимий журнал № 2, 2019. – 64-67-беттер.
Касей М. Кыргыз элдик ырчылык аткаруучулук өнөрү элдин руханий жашоосундагы тарыхый-маданий контекстинде. – Б.: Наука и инновационные технологии. Илимий жана маалымат журналы, № 2/2018 (7) – 50-54-беттер.
Дүйшалиев К. Ш. Салттык музыка: теориясы жана усулдары. Окуу-усулдук куралы. Б.: 2012. – 188 б.