Чектик маанилердин жардамында КӨЭАУнун МСЖТ кафедрасынын веб-сайтын тестирлөө

Авторы

  • Элнура Маматкадировна Ормонова
  • Эльмира Садыкжановна Адылова
  • Жазгул Апиевна Бердибекова

Ключевые слова:

чектик маанилерди анализдөө усулу, веб-сайт, диапазон, тексттик талаа, программалоо тили

Аннотация

Бул статьяда изилдөөнүн предмети катары Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасыны веб-сайты алынды. Изилдөөнүн максаты болуп Figma программасында жасалган дизайндын негизинде түзүлгөн веб-сайттын сапаттык көрсөткүчүн чектик маанилерди анализдөө усулу менен аныктоо. Маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасынын веб-сайтынын ичинде камтылган веб-форманын талааларын тестирлөөдө чектик маанилерди анализдөө усулун колдонуу. Чектик маанилерди анализдөө усулун менен берилген веб-сайттагы форманын тексттик талаалары текшерилип, тиешелүү болгон спецификациянын негизинде форманын сапаты аныкталып, орточо сапатка ээ деген тыянак чыгарылды. Бул статьянын өзгөчөлүгү веб-сайттардагы веб-формаларды чектик маанилерди анализдөө усулун колдонуу менен аныктоо болуп эсептелет. Чектик маанилерди анализдөө усулунун жардамында веб-сайттардын сапатын аныктоонун жолдору сунушталды.

Библиографические ссылки

Ормонова Э.М. Определение качества программного продукта на основе теории графов [Текст] / Э.М. Ормонова // Наука. Образование. Техника. – Ош: КУУ, 2021.-№1. – С.22-25.

Пероцкая В. Н., Градусов Д. А. Основы тестирования программного обеспечения [Текст] / В. Н. Пероцкая, Д. А. Градусов // Учебное пособие, Владимир 2017.

newsnn.ru/news/2009-04-12/samoe-dlinnoe-v-mire-chelovecheskoe-imya

https://validate.smtp.bz/

Попов А. Тестирование по с нуля до специалиста. [Тест] Теория практика тесты А. Попов, 2022.- С.14.

Загрузки

Опубликован

2024-06-10