ЧҮЙ ӨРӨӨНҮНҮН ШАРТЫНДА СОЯНЫН СОРТТОРУНУН (GLYCINE MAX. (L.) MERR.) ЖАЛБЫРАКТАРЫНЫН ТРАНСПИРАЦИЯСЫНЫН ЫРГАЛДУУЛУГУНУН КҮНДҮЗГҮ ДИНАМИКАСЫ

Авторы

  • А.К. КР УИАнын химия жана фитотехнологиялар институту, изденүүчү
  • К.Т. Шалпыков КР УИАнын корреспондент- мүчөсү,б.и.д.,профессор
  • И.С. Содомбеков б.и.д., профессор

Ключевые слова:

соя, ар кандай сорттору, транспирация ыргалдуулугу, жалбырактардагы суунун кармалышы, аба ырайы.

Аннотация

Бул макалада суу режиминин кээ бир негизги көрсөткүчтөрү чагылдырылган. Чүй өрөөнүнүн түндүгүндөгү боз топурактуу жеринде (Кеңеш айылы) өстүрүлгөн
соянын (Glycine max. (L.) Merr.) беш сортуна эксперименталдык изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
Бир нече мезгилдин ичинде соянын ар түрдүү сортторунун жалбырактарындагы сууну кармап
туруу, жалбырактын транспирациясынын ыргалдуулугун жана суунун курамын изилдөө
боюнча иштер жүргүзүлдү. Биз транспирациянын ыргалдуулугунун күндүзгү динамикасын,
ата мекендик жана чет өлкөлүк соя сорттору үчүн анын минималдуу жана максималдуу
маанилерин аныктадык. Жалбырактардын IT бир жана эки чокулуу ийри сызыгы бар экени
аныкталды, мында анын максимуму күндүзгү саат 3 жана 5те абада t +33-35°C болгон.
Жалбырактардагы суунун курамына жана сууну кармап калуу жөндөмдүүлүгүнө жараша
бардык үлгүлөрдүн көрсөткүчтөрү жарым суткага чейин жогорку концентрацияда сакталат.
Бирок температуранын жогорулашы жана анын кечинде төмөндөшү менен графикте жылмакай төмөндөө байкалат. Өлкөнүн түндүк аймагынын кургак климатына карабастан, Чүй
өрөөнүнүн шарттары соя сортторун өстүрүүгө мүмкүндүк берет. Алынган натыйжалар
алардын атмосфералык жана топурактагы кургакчылыкка туруктуулугун сүрөттөйт.

Библиографические ссылки

Энциклопедия. Чуйская область, Бишкек, 1994 – 416 c.

Иванов Л.А., Силина А.А., Цельникер Ю.Л. О методике быстрого взвешивания для

определения транспирации в естественных условиях // Ботан. журн. 1950. Т. 35. № 2. С. 171-

Горшкова А.А. Биология степных пастбищных растений Забайкалья // Экология

флоры Забайкалья. – Иркутск, 1971. – С. 8–112.

А. М. Алпатьев. Влагооборот культурных растений. Гидрометеорологическое

издательство. Ленинград, 1954.- 248 с.

Биймырсаева А.К., Шалпыков К.Т., Акжолтоева Р. Показатели водоудерживающей

способности различных сортов сои (Glycine max. (L.) Merr.) в условиях Чуйской долины.

Вестник КГУ им. И. Арабаева, №2, 2023.

Загрузки

Опубликован

2023-12-19