Өкүлчүлүк институттарынын типологиясы боюнча: салыштыруу-укуктук аспекти
Ключевые слова:
мамлекет, жарандык коом, конституция, бийликтин өкүлчүлүктүү органдары, шайлоонун ролу, партиялар, конституциялык укук, бийликти бөлүштүрүүАннотация
Макалада өкүлчүлүк институттарынын ар кандай типологиялары каралат. Алар Кыргызстандын суверендүү мамлекет катары саясий системасын демократиялаштыруу мезгилинде өзгөчө мааниге ээ. Макаланын максаты - бар болгон дорун өнүктүрүүчү типологияларды талдоо жана конституциялык укук теориясын жаңы билимдер менен толуктоо. Демократиянын негизинде илимде формулировкаланган түшүнүктөрдүн типологиясына, ар кандай бийлик бутактары менен институттарынын – президенттик республика, парламенттик республика ж.б. мамилелерине көңүл бурулат. Талдоо ошондой эле өкүлчүлүктүү органдардын функцияларын ишке ашыруу менен байланышкан мамлекеттик башкаруу системасын демократиялаштыруу көйгөйлөрүнө да көңүл бурду. Макалада методология диалектиканын принциптерине негизделип, аналогиянын, салыштыруунун жана структуралык методдун конкреттүү жеке илимий ыкмаларын эске алуу менен курулган. Макалада келтирилген корутундулар аларды мамлекеттик органдардын ишинде улуттук программаларды жана концепцияларды иштеп чыгууда пайдалануу үчүн практикалык мааниге ээ.
Библиографические ссылки
Артыкбаев А. Политическая система Кыргызской Республики: опыт демократизации. – Бишкек: КНУ, 2009. – 265с.
Даль Р. Введение в экономическую демократию. / Пер. с англ.- М.: Наука, 1991.-124с.
Фарукшин М.Х. Политическая система в обществах. // Социал. –полит. науки.-2015. - №5. – С.36.
Шапиро И. Демократия и гражданское общество. //Полит. исслед. -2017. - №4.- С. 189.
Дюверже M. Политические партии. Изд. 2. Перераб. / Пер. с англ. яз. – Москва, 2018.- С.29.
Бектурганов К.Б. Общественное мнение в политической жизни Кыргызстана. –Б., 2014.- 336с.
Антология мировой политической мысли: В 5-ти т. - М.: Мысль, 1997. - Т.5. –732 с.
Медушевский А. Н Демократия и авторитаризм: российский конституционализм в сравнительной перспективе. – М., 2019. - 654 с.
Ожукеева Т.О. Политические процессы в странах Центральной Азии. Принципы разделения властей. Изд. 2.– Бишкек: КНУ, 2016. – Кн.2.