Кыргызстанда өкүлчүлүк демократияны изилдөөдөгү айрым методологиялык мамилелер жөнүндө
Ключевые слова:
бийликтин өкүлчүлүк органдары, демократиялык институттар, теория, түшүнүк, маңызы, өзгөчөлүктөрүАннотация
Макаланын теориялык негизи – классиктердин жана заманбап авторлордун эмгектери. Мында өкүлчүлүк институттары концептуалдык жактан же коомдук-саясий кубулуштардын контекстинде талдоого алынган. Методологиялык негизди конкреттүү тарыхый жана салыштырма мамиле менен айкалыштырууда системалык жана структуралык-функционалдык анализдин жалпы илимий принциптери түздү, алар өкүлчүлүктүү демократиянын институционалдык чөйрөсүнүн генезисин жана азыркы абалын анын башка кубулуштары менен байланышында изилдөөгө мүмкүндүк берди. Кыргызстанда эгемендүүлүктү алгандан кийин реформаларды ишке ашыруудагы айырмалоочу мүнөздөмөлөрдү аныктоо үчүн салыштырма талдоо колдонулган. Системалык мамиле өкүлчүлүктүү демократиянын институттарын долбоорлоого мүмкүндүк берет, ал саясий системанын ичиндеги ар кандай институттардын ортосундагы себеп-натыйжа байланыштарын аныктоо менен шартталган (башкаруу формасы жана бийликти түзүү ыкмасы, башкаруу формасы жана өкүлчүлүк системасы, партиялык жана шайлоо системалары). Институционалдык түзүлүштөрдүн ченемдик структурасын аныктоо үчүн структуралык-функционалдык метод колдонулган. Өкүлчүлүк институттарынын колдонулуп жаткан теорияларын, концепцияларын теориялык жактан маңыздуу талдоо, ошондой эле жалпылоочу методологияларды иштеп чыгуу, негизги илимий ыкмаларды синтездөө Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын практикалык ишинде пайдалуу боло турган акыркы корутундуларды иштеп чыгууга өбөлгө түздү.
Библиографические ссылки
Артыкбаев М.Т. Постсоветтик республикалардын саясий системаларын институтташтыруу: монография. – Бишкек, 2016. – 50-б.
Мельвиль А.Ю. Демократические транзиты: теоретико-методологические и прикладные аспекты. – М., 2018. – С. 19.
Парсонс Г. Система современных обществ. / Пер. с англ. Л.А. Седова. / Под ред. М.С.Ковалёвой. – М.: Аспект- Пресс, 2015. – 270с.
Истон Д. Будущее постповеденческой фазы. – 2007.- С. 15.
Фарукшин М.Х. Политическая система в обществах. // Социал. –полит. науки.-2016. - №5. – С.60.
Желтов В.В. Сравнительная политология: учеб. пособие /В.В. Желтов – М.: Акад. Проект Фонд «Мир», 2014.- С. 43.
Toфлер A. «Третья волна». Изд. 2-е перераб. – Нью-Йорк, 2008. -С. 148.
Хантингтон С. Демократическая третья волна. Демократия в ХХ в. Изд. Университета Оклахомы, 2015. – С. 125.
Растоу Д. Переходы к демократии: попытка динамической модели. / Хрестоматия. – М., 2014. – С. 161.
Пшеворский А. Переходы к демократии. /Хрестоматия. – М., 2020. – С. 123.