Ысмайыл Борончиевдин чыгармачылыгынын калыптанышы
Ключевые слова:
өнөр, үйрөнүү, устат-шакирт, элдик чөйрө, жаттоо, кунт коюу, калыптануу, жамакчылык, өз алдынчалык, такшалуу ж.б.Аннотация
Аталган макалада кыргыз элин башка улуттардан айырмалап келген төкмөлүк өнөрдүн жаралышы, өнүгүшү, андагы калыптанган салттуу белгилер өмүр жолу совет мезгилине туура келген Ысмайыл акындын чыгармачылыгынан мисалында изилденет. Ысмайыл акындын чыгармачылык такшалуусу – чыгармачылыкка ык койгон алгачкы элдик чөйрөнүн таасири, экинчи, айылдаш сөзгө, ырга шыктуу өнөрлүүлөргө кезигүүсү, үчүнчү, артистикке кабыл алынышы сындуу этаптардан турат. Бул этаптар акындын чыгармачылык эволюциясын жетекке алуу менен талданат. Ошондой эле төкмөлүк өнөрдүн оозеки турган жеринде ырдоо, ар өнөрдү (артисттик, аткаруучулук, обончу, комузчулук ж.б.) алып жүргөн синкреттик касиеттери да талданат. Жыйынтыгында Ысмайыл Борончиев чыгармачылык калыптануунун салттуу жолун басып өткөн, өзү жашап жаткан доордун талабына ылайык окуп-билим алганы менен ырчылык өнөрдөгү салттуу темаларды, ыр формаларын, ыр куруу техникасынын салттуу ыкмаларын толук бойдон өз чыгармачылыгында калыптандырган төкмө акын катары бааланат.
Библиографические ссылки
Кыргыз адабиятынын тарыхы: Фольклористика. Оозеки чыгармачылыктын жанрлары. I том. [Текст] / А.Акматалиевдин жалпы ред. астында. 2 – бас. – Бишкек: “Шам”, – 2004, – 684 б.
Көлбаева, М. Акындар чыгармачылыгындагы салттуулуктардын типологиясы [Текст] / М. Көлбаева К. Карасаев. – Бишкек: К. Карасаев атындагы БГУ, 2014. – 120 б.
Кыргыз адабиятынын тарыхы [Текст]: окуу китеби / ред. А. Акматалиев. – Бишкек: Кыргыз УИА, 2012. – 5 т.: Кыргыз эл ырчылары. – 687 б.
Борончиев Ы. Ырчынын өмүрү [Текст] / Ы.Борончиев, – Фрунзе: «Мектеп» басмасы. – 1969, - 129 бет.
Ысмайыл Борончиев Өзү жөнүндө // https://www.youtube.com/watch?v=UfbLextwXMg
Борончиев Ы. Мекеним [Текст] / Ы.Борончиев, – Фрунзе: «Кыргызстан» басмасы. – 1980, - 262 бет.
Кудайбергенов К. Жаӊы кырдаалдар жана акын [Текст] / К.Кудайбергенов, -1970, 235 б.
Акыев К. Баскан жол: Баян. [Текст] / 3-бас. – Фрунзе: Кыргызстан, 1983. – 256 б.