ЭТИШТИК СЫПАТТАРДЫН СИНТАКСИСТИК ФУНКЦИЯСЫ
Ключевые слова:
этиштик сыпаттар, атоочтук, грамматика, синтаксис, морфология, сүйлөм, жайылма сүйлөм, мүчөАннотация
Бул макалада түрк тилдериндеги атоочтуктардын – ган мүчөсүнүн жардамы менен субстантивдешүү жолу менен этиштик сыпаттардын жасалышына токтолдук. Этиштик сыпаттар түркологияда XIX кылымдан эле илимде иликтенип баштаганы белгилүү. Этиштик сыпаттардын - ган мүчөсүнүн жардамы менен жасалган формасынын синтаксистик функциясына токтолдук. Этиштик сыпаттардын морфологиялык өзгөчөлүгү синтаксис менен тыгыз байланышта боло турганына илимий далилдер менен бердик. Кыргыз грамматикасында этишти мүчөлөп өзгөртүү формасы этиштик сыпат менен алмаштырылат, ошону менен бирге этиштик сыпат оборот жарылышка учурайт да, багыныңкы сүйлөмгө айланат. Жөнөкөй сүйлөмдөр кеңейип жайылма сүйлөм катарында багыныңкы сүйлөмдү берет. Этиштик сыпат жөнөкөй сүйлөмдүн тутумунда туруп, бүт бойдон бир суроого жооп болуп түшөт да, сүйлөмдүн бир мүчөсү катарында кызмат кылат жана жөндөлөт да атоочтуктардын касиеттерин камтыйт. Этиштик сыпаттар бүгүнкү кыргыз тилдеги атоочтуктар болмокчу.
Библиографические ссылки
Абдувалиев И. Азыркы кыргыз тили. Морфология. / И. Абдувалиев. - Б., 2015.
Мураталиев М. Кыргыз тилиндеги этиштик сыпаттар жөнүндө // Кыргыз илимдер академиясынын кабарлары. / Кыргызстан, 1960. - Том II. – Вып. 1. - 31-б.
Сартпаев К.К. Кыргыз тилиндеги кошмо сүйлөмдүн синтаксиси. - Ф., 1957. - 22-б.
Дыренкова Н.П. Грамматика шорского языка. -Л.,1941. 148 б.
Кудайбергенов С. Кыргыз тилинде этиштин жасалышы. – Ф., 1979. - 46-б.
Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили. / Морфология. – Ф., 1980. - 187-б.
Дмитриев Н.К. Грамматика башкирского языка. -М.,1948,189 бет.
Жапаров А. Кыргыз тилинин синтаксиси. -Ф., 1975.
Токоев Т. Кыргыз тилиндеги парцеляция кубулушу. - Б.,1999.
Токтоналиев Т., Токоев Т. Азыркы кыргыз тили (синтаксис). - Б.,2015