ФУТУРОЛОГ-ФИЛОСОФ

Авторы

  • Нур Керимкулович Саралаев КРнын УИАнын А. Алтмышбаев ат. Философия институту
  • Аскарбек Абдыкадырович Бекбоев КР УИАнын А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институту
  • Өскөн Козубаевич Козубаев КР УИАнын А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институту
  • Кадыркул Шаршеевич Карабукаев Институт философии им. А.А. Алтмышбаева НАН КР

Ключевые слова:

Тогусаков О.А., илимий изилдөөлөр, футурология, алдын ала көрүү, методология, илим, философия.

Аннотация

Бул макалада авторлор тарабынан академик О. А. Тогусаковдун илимий эмгектерине, өмүр жолуна кыскача сереп жасалган. Анын илимий изилдөөлөрү футурологиянын түшүнүктүк маңызын, методологиялык принциптерин, логикалык ырааттуулугун ар тараптуу илимий талдоого багытталган. Предметтик-объектилик мамилелердин контекстинде көрөгөчтүк феноменинин имманенттүү маңызын изилдеп, стандарттуу эмес ыкмалардын көп түрдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулган. Ал өз изилдөөлөрүндө адамдардын прогностикалык аң-сезимин жана таанып-билүүсүн алардын турмуштук ишмердүүлүгүнүн реалдуу процесси аркылуу аныктоонун механизмин ачып берген. Алдын ала көрүүнүн жалпы методологиялык принциптери жана логикалык структурасы анын таанып билүү процессиндеги ролунун жана коомдук практиканы өзгөртүүдөгү маанисинин позициясынан каралып, эң негизгиси, адамдын келечекти көрө билүү жөндөмү анын негизги функциясы катары каралат.

Загрузки

Опубликован

2023-12-18