Шекафтар шаарчасындагы оор металлдардын “топурак-өсүмдүк” системасында топтолушу жана бөлүштүрүлүшү

Авторы

  • Жакыпбекова А.Т., Токторалиев Б. А. КГТУ им. И.Раззакова

Ключевые слова:

концентрация,биооккумуляция, топурак, оор металлдар, жез, кадмий, коргошун, цинк, коэффициент, кыртыш

Аннотация

Топурактагы, өсүмдүктөрдөгү жана помидор, бадыран,сарымсактын мөмөлөрүндөгү сегиз оор металлдын сандык курамы изилденген. Изилдөөнүн объектиси Шекафтар шаарчаларындагы помидор, бадыран, сарымсак жана ошол өсүмдүк өстүрүлгөн топурак болгон. Топурак жана өсүмдүк үлгүлөрүндө беш оор металлдар аныкталган: Pb, Cu, Zn, Cr, Cd. Алынган маалыматтар боюнча изилденген кыртышта коргошундун, жездин жана кадмийдин көп экендиги аныкталган. Ошол эле учурда бул металлдардын концентрациясы помидор, бадыран, сарымсак өсүмдүктөрүндө ашып кеткен. Ошентип, помидор, бадыран, сарымсак өсүмдүктөрүнүн булгануусуна эң чоң салымды цинк жана коргошун концентрациясы тиешелүүлүгүнө жараша 12,4 жана 8 мг/кг. Жез менен хромдун концентрациясы тиешелүүлүгүнө жараша 1,3 жана 0,3 мг/кг, кадмий - 0,56 болгон. Коргошундун концентрациясы да бул өсүмдүктөрдө жогору - 0,6 мг/кг 0,5, кадмий - 8 эсеге - 0,26 мг/кг менен 0,03 ЖБК дан жогору. Ал эми анализдердин жыйынтыгында цинктин концентрациясы 7 эсеге, жездин концентрациясы 6 эсеге ашып кеткендигин көрсөттү. Ошондой эле помидор, бадыран, сарымсак өсүмдүктөрүндө жана мөмөлөрүндө оор металлдардын орточо камтылышынын топурактагы орточо мазмунуна карата катышы катары биоаккумуляцияны (биологиялык топтоо коэффициентин) эсептеп чыктык. Жүргүзүлгөн анализдерге ылайык, жез менен цинктин эң көп топтолушу бадыран, сарымсак өсүмдүктөрдө, ал эми кадмийдин помидор жемиштеринде байкалганы аныкталган. Изилденүүчү аймактагы биологиялык топтоо коэффициентинин элементтеринин ар бири үчүн төмөндөө иретинде төмөнкү катарды түзөт: Помидор Cd > Cu > Zn > Pb; Өсүмдүктөр Cu > Zn > Pb > Cr > Cd.

Библиографические ссылки

Авессаламов И.А./ Геохимические показатели при изучении ландшафтов / И.А.Авессаламов. – М., 1997. – 118 с.

Добровольский В.В./ Основы биогеохимии: учеб. пособие / В.В. Добровольский. –М., 2005. –343 с.

Конотопчик Е.Е. /Тяжелые металлы в пищевой продукции, реализуемой на территории Хабаровского края // «Ученые заметки ТОГУ» Том 4, №3, 2013. – С.75-78.

Лицуков С.Д., Кузнецова Л. Н., Ширяев А.В./ Влияние средств химизации на накопление свинца и цинка растениями овощных культур на черноземе типичном //Вестник ОрелГАУ, 4(55). – Август, 2015. – С. 98-100.

Лицуков С.Д., Акинчин А. В. / Транслокация тяжелых металлов в системе почва-растение/. – Белгород: Изд-во БелГСХА, 2013. – 211 с.

Lindebner L. Schwermetalle - Weiser fir die Immissionsbelastung von Wildern // Osterr.Fortztg. 2007. B.100. 3. S.11-23

Толкач Г. В. /Содержание химических элементов в почвах на территории фермерских (крестьянских) хозяйств Брестского района / Г.В. Толкач, С.С. Позняк //Экологический вестник, 2015. – №3(33). – С. 99–105.

Загрузки

Опубликован

2024-09-29