КӨЧМӨН ТУРМУШКА БАЙЛАНЫШТУУ АЙТЫЛГАН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР
Ключевые слова:
Дүйнө тааным, көчмөн элдин таанып билүүсү, этномаданий, руханий дөөлөттөр, менталдык фразеологизмдер, фразеологизмдердин этимологиясы, мал чарбачылык, улоо, унаа, ыймандуулукту, нарктуулукту, ынтымактуулукту, калыстыкты сактоо принциптери, каада-салт, үрп-адат, ченем, өлчөм түшүнүктөрү, элдик оозеки чыгармалар, жазма адабият, оозеки сүйлөшүү кеби, фразеологизмдер - ойду таамай, элестүү, таасирдүү жеткирүүчү каражат.Аннотация
Макалада кыргыз элинин байыртадан берки дүйнөтаанымында калыптанып, бүгүнкү күнгө чейин эл оозунда сакталып калган тилдик каражаттардын маанисинин
тереңдиги, алар көчмөн элдин таанып билүүсүнүн улуулугунун далили экендиги, көчмөн
элдердин бири болгон кыргыз элинин этномаданий, руханий дөөлөттөрүнүн үлгүсү катары тилде колдонулуп келе жаткан менталдык фразеологизмдер, алардын этимологиясы
жөнүндө тил илиминде орун алган илимий-теориялык пикирлер жөнүндө сөз болот. Көчмөн элдердин негизги кесиби мал чарбачылык болгондуктан, кыргыз тилинде көчүп-конууда улоо, унаа катары пайдаланылган мал жандыктарына байланыштуу айтылып калган
фразеологизмдердин чыгыш теги жөнүндө кызыктуу маалыматтар берилет. Кыргыз элинин
байыртадан берки ыймандуулукту, нарктуулукту, ынтымактуулукту, так-калыстыкты сактоо
принциптеринин жана көчмөндүк дүйнөтаанымдын негизинде турмуштан алган байкоо,
тажрыйбаларына ылайык калыптанган каада-салт, үрп-адатка, ченем, өлчөм түшүнүктөрүнө
байланыштуу айтылып калган фразеологизмдердин кыргыз тилинин материалдарында арбын экендиги мисалдар менен далилденет. Элдик оозеки чыгармаларда, жазма адабиятта
жана оозеки сүйлөшүү кебинде активдүү колдонулуп, угарманга же окурманга айтылуучу
ойдун ар түрдүү жактарын таамай, элестүү, таасирдүү жеткирүүчү каражат болгон фразеологизмдердин этимологиясын иликтөө фразеология илиминдеги орчундуу маселелердин
бири экендиги белгиленет.
Библиографические ссылки
Ибрагимов С. Лингвокультурология – тилдик маданият таануу. Тарыхы жана теориялык негиздери. - Б., 2004. – 118 б.
Карасаев Х. Накыл сөздөр. 1-2-китеп. – Ф.:Кыргызстан, 1982, 1987. – 344 б
Копыленко М.М., Попова З.Д. Очерки по общей фразеологии. – В.: ИВУ, 1989. – 190 б.
КСИЭ. 26-чыгарылыш. – Ф., 1957.
Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү. – Б.: КТМУ, 2001. – 519 б.
Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. 4-том. Б.:Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. – 832 б.
Эгембердиев Р. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин төркүнү (этимологиясы). – Б.:Турар, 2016. – 336 б.