XIX – XX кк. БАШЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРЫНЫН ИШМЕРДИГИ КОШОК ЫРЛАРЫНЫН МИСАЛЫНДА
Ключевые слова:
Кокон хандыгы, орус падышачылыгы, кошоктор, тарыхый инсандар, боштондук, мамлекеттүүлүк, фольклор.Аннотация
Кыргыз элинин XIX-XX кылымдар мезгилиндеги мамлекетинин абалы -тарыхыбыздагы бүдөмүк суроолордун бири. Советтик тарыхнаамада көпчүлүк элдердин мамлекетинин тарыхына үстүртөн мамиле жасалгандыктан, бул жагдай негизинен ачыкталбаган. Анын үстүнө, көчмөндөрдүн тарыхын изилдөөдө евроцентристтик көз караш үстөмдүк
кылгандыктан, ушул мезгилде, кыргыз эли уруулук түзүлүштө болуп, бытырандылыкка
дуушарлангандыктан бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзө алышпай, өз мамлекетине
эгедер болбоду деген, жаӊылыш көз караштар бар. Албетте, ошол мезгилде кыргыз элинин
басымдуу көпчүлүгү көчмөн турмушта жашагандыгы талашсыз, бирок, муундан-муунга
уланып келген оозеки чыгармачылыгы, маданияты баа жеткис. Бул макалада (Кокон хандыгы жана орус отор саясаты мезгилдери) Кокон хандыгы доорундагы (XIX к.) көрүнүктүү
инсандар: Медет датка, Тайлак баатыр, Нүзүп бий, Ормон хан, Алымбек датка, Алымкул
лашкер башынын ишмердүүлүктөрү кыргыз элинин фольклордук булак катары, кошок ырларында чагылдырылышы жана Орус оторчулук саясаты мезгилинде (XX к. башы) жашаган
кыргыз коомчулугунун көрүнүктүү өкүлдөрү: Курманжан датка, Боромбай бий, Шабдан
баатыр, Исхак Асан уулу, Мамыр Мерген уулу, Абдылдабек, Молдо Ашыр ж.б. инсандардын ишмердиктери, тарыхый окуялары, элдик боштондук үчүн күрөштөрүн оозеки чыгарма булактарда чагылдырылышы изилденди.
Библиографические ссылки
Абдыраманов Ш. Тарыхтагы ак тактар. Бишкек: Аянт, 2007.
Алымбек датка. Сен сүйгөн обон. Бишкек, 1992.
Егембердиева С., Акматалиев А. Кошоктор. Бишкек: Шам, 1998. “Эл адабияты” сериясы. 21-т.
Жумабаев Б. Абдылдабек жана анын мезгили. Кокон хандыгынын тушундагы 1873-
-жж. Кыргыз көтөрүлүшү жөнүндө. Бишкек. Ала-Тоо журналы, (10).1990.
Калбаев А. Сулайманкул болуш. Бишкек, 2011.
Кенчиев Ж. Медет датка. Бишкек: Шам, 1996.
Курбанбеков Т. Молдо Ашыр – өз доорунун азаттыгы үчүн күрөшкөн инсан. /Исхак
Асан уулу Полот хан (азаттык жана мамлекеттүүлүк) (“Тарых жана мурас” түрмөгү). Бишкек, 2015.
Кол жазмалар фонду, инв. 219 (430)
Молдо Нияз. Санат дигарастар. Бишкек: Учкун концерни, 1991.
Жоробеков Ташбай. Кошок [Текст]. Аксы району, Авлетим айылы. – 2003.
Мырзабаева Санаш. Кошок [Текст]. Чаткал району, Ак-Таш айылы. - 2003.
Мырзабаев Сасалим. Кошок [Текст]. Чаткал району, Ак-Таш айылы. - 2003.