ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ БОЛОЧОК БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИН ОКУТУУДА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ МАКСАТТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУ

Авторы

  • Каухар Акылбековна Сооронбаева Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Автоматика жана маалыматтык технологиялар институту
  • Канталат Жумаевна Турабекова

Аннотация

Кесиптик билим берүүдө туруктуу өнүгүү максаттарын ишке
ашыруу үчүн туруктуу өнүгүү идеяларын окуу пландарына жана программаларына интеграциялоо максатка ылайык. Изилдөө орто кесиптик билим берүүдө болочок башталгыч класстын мугалимдерине туруктуу өнүгүү көндүмдөрүн математикалык багыттагы дисциплиналарды окутууда калыптандыруунун мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо максатында жүргүзүлдү. Орто кесиптик билим берүүдө болочок башталгыч класстын мугалимдерин даярдоо практикасына туруктуу өнүгүү идеяларын интеграциялоонун, туруктуу өнүгүү компетенцияларын калыптандыруунун жолдору аныкталып, конкреттүү мисалдар менен тастыкталды. Изилдөөдөн алынган жыйынтыктар башталгыч класстын мугалимдеринде туруктуу өнүгүү компетенцияларын калыптандыруу үчүн туруктуу өнүгүү идеяларын окуу процессине, тактап айтканда негизги кесиптик билим берүү программаларына, жумушчу программаларга, сабактардын иштелмелерине, баалоо каражаттарына интеграциялоого өбөлгө түзөт.

Библиографические ссылки

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 Жарлыгы менен бекитилген), Бишкек, 2018, 150 б.

Жоопкерчиликтүү керектөө жана айлана-чөйрө. Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо./ Дуйшенова Ж.К. ж.б. Бишкек, 2020, 46 б.

Государственный образовательный стандарт среднего профессионального образования Кыргызской Республики. Специальность: 050709 «Преподавание в начальных классах», Квалификация: Учитель начальных классов, 2022, с. 18.

Сооронбаева К.А. Кесиптик билим берүүдө студенттерди туруктуу өнүгүү натыйжаларына жетиштирүүнүн жолдору // «ІV Международное книжное издание стран Содружество Независимых Государств / «ЛУЧШИЙ ПЕДАГОГ - 2023»: IV международная книжная коллекция научно-педагогических работников – Астана, 2023, 22-26-бб.

«Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнү илгерилетүү: аймактык перспективалар жана тажрыйба» субрегионалдык (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан) конференциянын материалдары, Бишкек, 2022, 234 б.

Туруктуу өнүгүүнүн максаттары. 2030 Туруктуу өнүгүүнүн максаттары боюнча кыскача маалымат. Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү максаттары – URL: https://www.gov.kg/ky/p/sustainable_development (дата обращения 10.10.2023).

Учебники в интересах устойчивого развития. Руководство по внедрению. UNESCO MGIEP, 2019, с. 204.ют.

Загрузки

Опубликован

2024-06-03